www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткирүүгө көмөк көрсөттү.

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек - "Манас" аэропорту унаа жолунда саат 10:00 чамасында Дача-Суу айылынын жанынан “Хонда СРV” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу саммит учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлерге жардам сурап кайрылган.

Ал унаадагы келинин төрөт үйүнө алып бара жатканын айтып, келини кыйналып жаткандыгына байланыштуу ооруканага коштоп жеткирип коюну өтүнгөн.

Ошол замат кызматкерлер жетекчиликтен коштоп жүрүүгө уруксат алып, андан соң унаанын коштоо менен келинди Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүнө сак саламат жеткиришкен.

Кийин айдоочу келини аман-эсен көз жарып алгандыгын айтып, жол инспекторлоруна рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости