www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айсулуу Тыныбекова Көлбаев машина белек бергенде айткан ыраазычылык постун өчүрдү...

Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, кыргыздын белгилүү спортчусу Айсулуу Тыныбекова Instagram баракчасынан Камчы Көлбаев машина белек кылды деп ыраазычылык билдирген  билдирүүсүн өчүрдү.

Көлбаев мындан 6 жыл мурун Тыныбекова Парижден Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеп, коло медаль алганда, Toyota CHR маркасындагы жаңы машина тартуулаган. 

Мындай белектен соң Тыныбекова өзүнүн инстаграм баракчасына билдирүү жарыялап, кубанычын бөлүшкөн. Анда ал: "Атын атаса куту сүйүнөт дейт кыргызда. Бүгүн мен мени колдоп келген агам Камчы Көлбаев тууралуу жазгым келди. Мага берген белегин ачыкка чыгарууну туура көрдүм. Чын дилден жардам катары сунушталган белек үчүн ыраазычылык билдирем",- деген өңүттө ыраазычылык айткан болчу. Дал ушул билдирүүсүн спортчу өз баракчасынан өчүргөн. 

Эскерте кетсек, 4-октябрда Бишкекте УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда Камчы Көлбаев күч түзүмдөрүнө куралдуу каршылык көрсөттү деген негизде атып өлтүрүлгөн.

Последние новости