www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил бийликтери Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) 1,1 миллион палестиналык 24 сааттын ичинде Газа тилкесинин түштүгүнө эвакуацияланышы керек деп билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун катчылыгы кабарлады.

Ушул эле талап БУУнун кызматкерлерине да тиешелүү жана "БУУнун мекемелеринен, анын ичинде мектептерден, ден соолук борборлорунан жана клиникаларынан башпаанек тапкандарга" тиешелүү.

БУУнун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик мындай жер которуу кыйратуучу гуманитардык кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

БУУ "катастрофиялык кырдаалды болтурбоо үчүн" буйрукту алып салууга чакырды.

Ал эми, Египет бийлиги Газа тилкесиндеги качкындар үчүн коридорлорду ачпай турганын бир нече жолу билдирген.

Израил менен палестиналык Хамас кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Израил 1,3 миңден ашуун, Палестина 1,5 миңге жакын өлдү деп билдирди. Израил Газа тилкесине электр жарыгын жана сууну берүүнү токтотту. Ал Хамас кыймылы туткундарды кайтарып бермейинче уланаары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости