www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 13-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин лидерлери - Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедевдер сөз сүйлөштү.

Кыргыз жерине келген меймандар менен саламдашып жатып, Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан төрагалык кылуу мезгилинде Уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, Шериктештиктин мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө, чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине мүчө-мамлекеттерди активдүү тартууга салым кошуу милдетин койгондугун белгиледи.

Президент биргелешкен иштин аркасында үстүбүздөгү жылдын июнь айында Сочи шаарында өткөн КМШ Өкмөт башчылар кеңешинде экономика жаатындагы стратегиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасы, инвестицияларды түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын баса белгиледи. Аны макулдашуу процедурасы абдан узакка созулду. Макулдашуу ратификациялангандан кийин КМШнын бардык өлкөлөрүндөгү ишкерлик алдыга жылып, бардык жерде иш алпаруусу жеңилдейт. Бизнес-өнөктөштөргө Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнө жол ачылат – ал өлкөлөрдө кызмат көрсөтүүгө жана келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга мүмкүнчүлүк алышат.

“Мен бул Макулдашууну абдан маанилүү деп эсептейм жана анын Кыргызстан Уюмга төрагалык кылган мезгилде кабыл алынганы биз үчүн жагымдуу болду. Бардык тармактык жана тармактар аралык кызматташуу органдары энергетика, транспорт, айыл чарбасы, машина куруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, экология, маданият, банк иштери жана башка тармактарды өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды, долбоорлорду бир максатты көздөө менен иштеп чыгып жатышканын белгилегим келип турат. КМШнын тармактык органдарынын ишмердүүлүгү турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт», - деп белгиледи Садыр Жапаров. Ал Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылган маалдагы демилгелерин колдоп, экология жана жаратылышты коргоо боюнча артыкчылыктуу чараларын жүзөгө ашыруу жаатындагы иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн жыйын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы КМШга төрагалык кылуунун артыкчылыктуу программаларын ишке ашыруу алкагында, Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана климаттын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча жигердүү чараларды көрө алганына басым жасады. Ишке ашырылып жаткан демилгелердин арасында бак-дарактарды көбөйтүү, Кыргызстан боюнча 8 млн бак-дарак, бадал отургузуу аркылуу жаратылыш экосистемаларын коргоо маселелерин илгерилетүүгө багытталган “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясы да бар. Бул багытта кыргыз тарап көп иштерди аткарууда, ошону менен бирге алдыга амбициялуу пландар да коюлган.

“Региондогу суу ресурстарынын 40%га жакыны өлкө аймагындагы суулардан түзүлөөрүн эске алуу менен, биз регионду суу менен камсыз кылуу маселесинде жогорку жоопкерчиликти билебиз. Бул контекстте суу ресурстары пайда болгон аймакка климаттын терс таасирлерин, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн суу инфратүзүмдөрүнүн эскилиги жеткенин эске алуу менен, биз өз убагында чараларды көрүүнү жана ирригация, энергетика, инфратүзүм жаатында суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууну жактайбыз”, - деп белгиледи Президент.

Ал ХХI кылымдын экономикасы алдыңкы бизнес моделдерге жана катаал экологиялык талаптарга, социалдык жоопкерчиликке жана адамдын реалдуу муктаждыктарын эске алууга негизделип, натыйжалуу болушуна кызыкдар экенине басым жасады. Бул контекстте Садыр Жапаров «Жашыл экономиканы өнүктүрүү» демилгесин мындан ары биргелешип илгерилетүү, масштабдуу жана келечектүү долбоорлорду ишке ашырууну жылдыруу маанилүү деп эсептейт.

Президент өз сөзүндө гуманитардык өнөктөштүк, коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине жана башка кызматташтык аспектилерине да токтолду. Атап айтканда, Садыр Жапаров КМШда 2023-жыл - Орус тилинин жылы деп жарыяланганын белгилеп, орус тили биздин өлкөлөрдүн баарлашуу тили болуп кала берерине ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу салым кошконун, анын көбүн орус тилинде жазганын белгиледи. Садыр Жапаров залкар жазуучунун 95 жылдыгы Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн баары белгилей тургандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Президент кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири – санариптештирүү чөйрөсүнө токтолду. Бул тармактагы өз ара байланыштын жана алдыга суурулуп чыгуунун негизи Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ар кыл мамлекеттик органдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу болушу керектигин белгиледи. Бул багытта ал кыргыз тарап демилгелеген Санарип технологиялар боюнча билдирүүнүн долбоорун колдоону өтүндү.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Уюмдун жаңы төрагасы – Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости