www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда «Үчүнчү дүйнөлүк согуш жакында башталат» деген кабар тарап, коомчулуктун тынчсыздануусун жаратты.

Эмне болду?

Россиянын Тышкы иштер министрлиги маалымат жыйынында билдирүү жасап, эгер Украина тараптан атайын “фальш-флаг операциясы” уюштурулса, чоң жаңжал чыгып кетиши мүмкүн деп эскертти.

Бул билдирүү көпчүлүк медиада “согуш сөзсүз башталат” деген өңүттө тарады. Бирок иш жүзүндө МИДдин сөзү шарттуу риторика гана.

Фактылар кандай?

•    Фальш-флаг планы тууралуу далилдер жок. Украина мындай операцияга даярданып жатат дегенге көз карандысыз булактар тастыктама берген жок.
 •    Дрондор боюнча окуялар чын. Акыркы айларда Польша менен Румыния аймагына дрондор түшкөн учурлар катталган. Бирок алардын келип чыгышы жана ким жөнөткөнү азырынча так аныктала элек.
 •    Дезинформация күчөп жатат. Европалык эксперттер бул темада ар кандай версиялар, пропагандалык билдирүүлөр жана жалган маалыматтар кеңири тарап жатканын белгилешүүдө.

Жыйынтык

“Үчүнчү дүйнөлүк согуш жакын арада башталат” деген маалымат чындыгында факт эмес. Бул — саясий эскертүү жана риторика гана. Азыркы учурда эл аралык коомчулукка далилдер көрсөтүлгөн жок.

Эске сала кетсек, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова венгриялык басылмалар Киевдин Румыния менен Польшада жалган желек операциясын өткөрүүнү пландаганы тууралуу маалыматы ырасталса, үчүнчү дүйнөлүк согуштун жакын арада башталаарын алдын ала айтты. Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисин Польша жана Румыниядагы учкучсуз учак окуяларынан улам чакырды. Дипломат өзүнүн Telegram-каналында Владимир Зеленскийдин Орусияны айыптоо максатында Румыния менен Польшада саботаждык аракеттерди жасоо планы тууралуу бүгүн бир катар венгриялык маалымат каражаттарында чыккан маалыматтарга көңүл бурду.

Пайдаланылган булактар: Reuters, The Guardian, Euronews, ТАСС

Последние новости