www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? 

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз, Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев.

Бүгүнкү күндө натыйжалуу башкаруу — коомдук, мамлекеттик же жеке сектордо болобу, ийгиликтин башкы факторлорунун бири катары каралууда. Ушундай шартта иштин көзүн билген, ыкчам чечим кабыл ала алган, ошол эле учурда стратегиялык ой жүгүртүүгө жөндөмдүү кадрларга муктаждык артып жатат. Дал ушундай заманбап талаптарга жооп берген жетекчилердин бири — Каныбек Туманбаев.

Каныбек мырза өзүн мыкты менеджер катары көрсөтө алган инсан. Анын ишмердүүлүгүндө көзгө дароо уруна турган негизги сапаттардын бири — уюштуруучулук жөндөмү. Ал кандай гана тармакта иш алып барбасын, команда түзүү, милдеттерди так бөлүштүрүү жана максатка жетүү жолдорун аныктоодо ар дайым натыйжалуу ыкмаларды колдонуп келет. Бул — жогорку даражадагы менеджмент маданиятынын жана практикалык тажрыйбанын айкалышы.

Мындан сырткары, Каныбек Туманбаев экономикалык процесстерди терең түшүнгөн жетекчи катары да айырмаланат. Ал сунуштаган чечимдер ар дайым так эсепке, реалдуу мүмкүнчүлүктөргө жана узак мөөнөттүү натыйжага багытталган. Жөн гана кагаз жүзүндөгү пландар эмес, ишке ашуучу, конкреттүү натыйжа берчү программалар анын башкаруу стилинде өзгөчө орун ээлейт.

Кез келген кырдаалда ыкчам реакция кылып, маселени созбой, жогорку жоопкерчилик менен чечүү Каныбек мырзанын ишинде эң чоң артыкчылыктардын бири болуп саналат. Мындай ыкчамдык бүгүнкү тез өзгөрүп жаткан доордо өзгөчө баалуу сапат катары каралат. Анын иш стили азыркы заманбап жетекчилерге үлгү десек аша чапкандык болбойт. Анын аналитикалык ой жүгүртүүсү, уюштуруучулук жөндөмү жана экономикалык түшүнүгү башкаруу маданиятын жаңы деңгээлге чыгаруучу факторлордон болуп саналат. 

Последние новости