www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алаамат жакындап келаткансыйт. Жер шарында тиричилик жаңы башталганда адамзат Адам-ата менен Обо-энеден таралган дешет. Ядролук согуштун кесепетинен жер огунан чыкса адамзат жок болору бышык, эмки адамзат кандай болот? Азыркы фантастикалык кинолордо келемиштер каптаганын жана башка мутанттар каптаган көрүп жүрөбүз, деги тынчтык болсо экен. Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн 24-февралда билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

"Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алдым. Биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга аракет кылабыз. Ошондой эле жайкын тургундарга, алардын ичинде Орусиянын жарандарына каршы бир топ кандуу кылмыштарды жасагандарды сот жообуна тартабыз",- деди Путин. Буга чейин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин "Донецк Элдик Республикасы" жана "Луганск Элдик Республикасы" түзүлүштөрүнүн башчылары аталган аймакка аскер киргизүү өтүнүчү менен Путинге кайрылышкан.

Федералдык Кеңеш 22-февралда орус президентине армияны өлкөнүн сыртында колдонууга уруксат берген. Ушул тушта Краматорск, Харьков жана Киевде жардыруулар болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Орусиячыл жикчилдер Донецкте атышуу башталганын жазышты. Мариуполдо дагы атышуу башталганы кабарланууда. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптап, санкцияларды киргизе баштады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган. Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат.

Орусия Федерациясынын жикчил «республикалардын» көз карандысыздыгын таануу аракети Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузуп, Улуттар Уюмунун жобосуна каршы келет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди. Анын айтымында, өзүн Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы деп атап алган аймактардагы жагдай геноцид деген аныктамага туура келбейт. Буга байланыштуу БУУ Донбасстын аймагына кирген орусиялык аскерлерди тынчтык орнотуучу күчтөр катары санабай турганын баса белгиледи: «Бир өлкөнүн аскерлери экинчи өлкөнүн уруксаты жок анын аймагына киргени, алар бейтарап бейпилдик орнотуучулар болуп эсептелбейт», - дейт анда баш катчы. Орусиянын президенти Владимир Путин мурдараак атайын телекайрылуусунда 2014-жылы Украинада болгон төңкөрүштөн кийин «Донбасстагы орус тилдүү миллиондой адам геноцидге кабылып жатканын» айткан. Ал жикчилдерди таанууну ушуну менен байланыштырып, аларды коргоо зарылдыгы менен түшүндүргөн.

АКШ президенти Джо Байден Орусиянын Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганы тууралуу билдирүү жасады. Ал мындай кол салуунун кесепетине жалгыз Орусия жооптуу болорун эскертти: «Бүгүн түнү бүткүл дүйнө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн негизсиз чабуулунан жапа чегип жаткан Украина элине бейпилдик тилейт. Президент Путин өлүмгө жана азапка алып келе турган согушту атайын тандады. Бул кол салуу алып келе турган өлүм жана кыйроо үчүн жалгыз Орусия жооптуу болот. Дүйнө Орусиянын жооп берүүсүн талап кылат», — деди Байден. Ал кырдаалга көз салып, Улуттук коопсуздук боюнча командасынан маалыматтарды үзгүлтүксүз алып турарын айтты. Ошондой эле G-7 алкагында башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуп, андан соң Украинага кол салган Орусияга каршы биргелешкен жооп кайтаруу чечимин кабыл алышарын билдирди.

Украина бийлигинин НАТОго кошулуу ниетинен баш тартышы учурдагы маселени чечүүнүн эң ылайыктуу жолу болмок. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин билдирген: "Азыркы оңой эмес кырдаалдан чыгуунун эң ылайыктуу жолу болуп Киев бийлигинин НАТОго кошулуу оюнан кайтып, нейтралитетти сакташы болуп турат", — деген Путин. Мындан тышкары, президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Минск макулдашуусу ЛЭР менен ДЭРди тааныганга чейин эле "жок болгонун" белгиледи. "Сегиз жылдан бери ушуну менен алекпиз. "Биз" дегенде Россияны түшүнүү керек, документтердин автору менмин. Дагы бир жолу айта кетейин, биз анда көрсөтүлгөн чаралардын ишке ашуусуна кызыкдар болчубуз, анткени бул мунасанын жыйынтыгы эле. Документтерге кечээкиге чейин тааныла элек республикалардын жетекчилери да кол койгон. Бири теракт учурунда киши колдуу болду, Украинанын атайын кызматынын колунан каза тапты. Бул жерде эч суроо жок", — деди Путин. Анын айтымында, алгач өзүн-өзү жарыялаган республикалардын жетекчилери Минск макулдашуусуна катышып, ага кол коюуну каалаган эмес, бирок мунаса табылып, ал өз кезегинде абалды тынчтык менен жөнгө салууга карай реалдуу кадам эле. "Бул жылдар аралыгында азыркы Киев бийлиги бардык аракетти текке кетирди. Андыктан Минск макулдашуусу аталган республикалар таанылганга чейин эле "жок кылынган". Аны биз эмес, Донбасс республикаларынын жетекчилери эмес, Киевдин бийлиги "жок кылды", — деди Путин.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Украинаны колонияга салыштырып, ал Батыш өлкөлөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазат. Мадуронун айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин ар дайым коңшу өлкө менен болгон көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулуп келген. «Минск келишимдери четке кагылды, Украинаы элитасы тебеленип, АКШ менен Европанын шартсыз союздашы болгон. Бул өлкө дээрлик колония сыяктуу башкарылат», - деди ал. Венесуэла лидери Украина чоң зыян тартканын кошумчалады. Анын пикиринде, өлкөнүн экономикасы талкаланган. «Украинанын экономикасы АКШнын президенти Джо Байден жана НАТО тарабынан Орусияга багытталган өзөктүк куралы бар базаларды түзүү боюнча итштер менен талкаланды. Бул таптакыр кабыл алынгыс нерсе», - деп жыйынтыктады ал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости