www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Теңиз Бөлтүрүктүн кызматтан кетиши жаңы кызматка барганын билдирет”, - деди бүгүн, 24-февралда, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.
- Эрнест мырза, Теңиз Бөлтүрүктүн кызматтан кетип, башка кызматка келгенин көптөр “Кумтөрдө” абал кооптуу окшойт деп чоочулап атышат го?
- Теңиз Бөлтүрүктүн кызматтан кетиши жаңы кызматка барганын билдирет. Юридикалык жагынан бир ишканадан, экинчи ишканага барып башкарганын айтсак болот. Бирок, Теңиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөн” кеткен жок.
Анткени, “Кумтөрдү” факт боюнча жаңы түзүлгөн ишкананын башкаруусуна кирет. Жаңы мамлекеттик холдингге Кыргызстандын бардык кендери кирет, арасында “Кумтөр” да бар. Ошон үчүн “Кумтөрдөгү” абал жайында эле. Кооптонбой эле койгонубуз оң.
Булак: NazarNews.kg