www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Путин өз элине, ошондой эле украиналыктарга кайрылуу жасады.
Биздин, эртеңки күн жөнүндө ойлобогон акылы кем, ушакчы каналдар! Силерге табылбай калды окшойт, кайсыл жерди ачсаң: "орустар кол салды", "орустар Украинага суудай агып кирди" деп паника көтөргөн айкырыктарды угуп калдык. Туура, согуш болушу турган иш болуп калды. Бирок Путиндин андан башка жолу жок эле.
Путин сегиз жыл былк эптей, орус тилдүү өзүнүн боордошторунун тарткан азабына сабыр кылып келди.
Бийлик акмак болсо, ошол элинин шору экенин башкалар билбесе да, биз 2010-жылы келген Убактылуу Өкмөт деген шакалдардын азабынан, жоон терибиз менен билип эле калбадыкпы.
Украина бийлиги да фашист бийлик болушту, тээ Ющенко деген акмак баштап, андан соң Порошенко деген эки буттуу айбан улап, эми болсо Байдендин кулу болгон азыркы клоун башкарышып.
Кудай буюрса орустар жеңип чыгат. Фашистердин жана Бандеранын идеологиясын колдогондордун сазайын берип, Украинага тынчтык орнотот.
Ошондуктан бир нерсе деп сүйлөөрдөн алдын, эртеңки күндү ойлонуп туруп, андан соң оозубузду ачышыбыз керек.
Биздин бийлик да эки анжы болбой, бир тараптама орустарды колдогону туура болот.
Эртеңки күндө президентибиз Путиндин, а кыргыз эли орус элинин бетин тике карай турган, тили кысык болбой шак сүйлөгөн жолду тандашыбыз керек.
Орустар менен аралашып миллиондон артык элибиз жүрөт Орусияда.
Украина бизге эмне кылып берет? Фашисттердин белгилерин колдоруна тагышып, фашистердин формаларын кийишип жаткан саткындар, биз кыргыз элине кайсыл жакшылыкты кылмак?
Путин өтө туура чечимге келди. Орус тилдүү өз боордошторун кыргындан сактап, келечегине эркин жол ачып берет.
Ал эми Американын кайсыл жерге буту жетсе, ошол жерде согуш.
ИГИЛ деген мамлекеттин пайда болушуна, илгери биз эч укпаган террористердин жер бетине жайнап кетишине, кээ бир мусулман дүйнөсү баш кесер корбашыларга айланып калышына, кыскасы дүйнө жүзүндө болуп жаткан баардык кесепеттерге Америка күнөөлүү. Дүйнө жүзү Америкага баш ийиши керек экен. Мына ушул эки жүздүү эл, уялбастан "демократия" дешип, башкалардан оозуп кыйкырышат. Американы жер жутуп кетсе, дүйнөгө тынчтык орун алат болчу.
Булак: NazarNews.kg