www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кийинки 15-20 жылдан бери, радикал динчилдер жаштардын мээсин «тиги ширк, бул ширк» деп айлантып, кыргыздын улуттук тамырын кыркып салышты. Мындай пикирин КТРКнын жана маданияттын мыкты кызматкери Өмүралы Дүйшеев билдирди.
«Биз кечээ эле Мекенди коргоо күнүн белгиледик. Мекен баарынан ыйык.
Мекенди коргоо үчүн, сөзсүз эле колго курал кармоо эмес, улуттун улуттугун сактап турган баалуулуктарды аздек тутуп, кийинки муунга өткөрүп берүү. Кылымдарды карыткан узак тарыхта нечендеген эл өз нугун жоготуп, башкаларга жуурулушуп жок болгон.
Биз муундан-муунга бай тарыхыбызды, наркыбызды, тилибизди, салт-санаабызды, кийген кийимибизден баштап, жашоо тиричилигибизди, насыят-тарбиябызды, макал-лакаптарыбызды, уламыш-эпосторубузду аздектеп кийинкилерге мурас кылып келгенибиз үчүн сакталып келе жатабыз.
Кийинки 15-20 жылдан бери, радикал динчилдер жаштардын мээсин «тиги ширк, бул ширк» деп айлантып, кыргыздын улуттук тамырын кыркып салышты. Улуттук нарктан ажырап, тамыры кыркылган маңкуртка улуттун, мамлекеттин, намыстын, чек аранын эмне кереги бар? Мамлекет ушуларга окшогон ашынгандарга кескин чара көрүп, идеологияны күчөтпөсө мамлекеттүүлүккө коркунуч келип турат», - деп белгилеген Дүйшеев.
Эске салсак, акыркы учурда ырчы Гүлнур Асанова коомчулукка ар кандай диний көз караштагы терс маалыматтарды айтып, элди дүрбөлөңгө салууда.
Ал бул боюнча атайын күч органдарына кайрылуу максатында кол топтоо иштери жүрүп жатканы да айтылды.
Булак: NazarNews.kg