www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-июнда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында алгачкы жолу эксперимент катары эгилген жүгөрү талаасына барды.
Маалыматка ылайык, райондун тоют базасын чыңдоо жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Чоң-Алайдын жогорку, ортоңку жана төмөнкү аймактарында жалпысынан 3,5 гектар жерге Германиянын KWS компаниясынын жогорку түшүмдүү КВС КАШМИР (FAO 390) сортундагы жүгөрү биринчи жолу эксперимент катары айдалган.
Учурда жүгөрүнүн өсүшү жакшы болуп, көчөттөрдүн бийиктиги 20 сантиметрден ашканы белгиленди. Эгер эксперимент ийгиликтүү жыйынтыкталса, бул сортту райондо кеңири жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Долбоордун негизги максаты — мал чарбачылыгы үчүн сапаттуу тоют өндүрүүнү көбөйтүү жана аймактын айыл чарба тармагын өнүктүрүү болуп саналат.