www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун үч тилкесинде заманбап жол тейлөө базалары курулуп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда Кызарт белиндеги жол тейлөө базасынын дубалдары тургузулуп, объект таза суу жана интернет байланышы менен камсыздалды. Анда кызматкерлердин үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын жанында дагы бир жол тейлөө базасынын курулушу башталды. Азыркы тапта анын пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, жол тейлөө базаларына атайын жол куруу жана тейлөө техникалары, заманбап жабдуулар, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка керектүү ресурстар жайгаштырылат. Бул трассаны жылдын төрт мезгилинде үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Ошондой эле үчүнчү жол тейлөө базасын жайгаштыруу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Учурда ылайыктуу жер тилкесин аныктоо жана долбоордук-техникалык документтерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, жол тейлөө базалары пайдаланууга берилгенден кийин Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолун жыл бою сапаттуу тейлөө камсыздалып, жол кыймылынын коопсуздугу жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулук кыйла жогорулайт.