www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшыруу фактысы катталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош ОИИБдин кызматкерлери ок атуучу куралга байланышкан кырсыктардын жана кылмыштардын алдын алуу багытындагы иштерди улантууда.
2026-жылдын 25-29-май күндөрү өтүп жаткан “Экстремист” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында Чоң-Алай районунун тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Т.А. аттуу жаран бир даана сайлуу ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине тапшырган.
Ош ОИИБ мыйзамсыз сакталган куралды өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына өткөрүп берген жаран мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылбасын эскертти.
Милиция жарандарды коопсуздук талаптарын сактоого чакырып, мыйзамсыз курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыруу коомдук коопсуздукту камсыздоодо маанилүү экенин белгиледи.