www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен салык органдары тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинде укук бузуу үчүн эскертүү түрүндөгү жаза чарасы гана каралгандыгына карабастан ишкерлерге мыйзамсыз түрдө акчалай жаза чарасын колдонуу боюнча 105 факты аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгында 51 кызмат адамына карата айып пулдар салынган жана ар кандай тартиптик жазаларга кириптер болушкан.

Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди системалуу негизде улантууда.

Ошону менен катар, Башкы прокуратура бизнес субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча жеткиликтүү механизмдер бар экендигин эскертет — «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси (AppStore жана Google Play платформаларында жеткиликтүү), ошондой эле ар бир прокуратура органында ишеним телефондору иштейт (номерлери расмий сайтта жайгаштырылган: www.prokuror.kg).

Последние новости