www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июнунда Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан «Чоң-Капка» фитосанитардык көзөмөл постунда Казакстандан ташылып келген 2000 даана гүл текшерүүдөн өткөрүлүп, документтеринде дал келбестиктер аныкталды.
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Талас башкармалыгы жүргүзгөн фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө жүктүн фитосанитардык сертификатындагы маалыматтар транспорттук коштоочу документтердеги маалыматтарга туура келбегени белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктуна ылайык, жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.
Тиешелүү кызмат өкүлдөрү чек арадагы фитосанитардык көзөмөл өлкөнүн өсүмдүктөр дүйнөсүн карантиндик зыянкечтерден жана оорулардан коргоого багытталганын белгилешти.