www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Чоң жети" (G7) уюму Кытайды Украинанын эгемендигин колдоого жана Орусияга жардам бербөөгө чакырды. 14-майда жарыяланган билдирүүдө Орусиянын Украинага кол салганы глобалдык азык-түлүк жана энергетикалык кризисти жаратары белгиленген.
Германияда өткөн үч күндүк жыйындан кийинки билдирүү Бээжинди "Орусиянын Украинага жасаган баскынчылыгын актаган бурмаланган маалыматтан жана башка ушул сыяктуу каражаттардан оолак болууга" үндөйт. Мындан тышкары "Чоң жети" Москванын өнөктөшү эсептелген Беларусту орус армиясынын аскердик аракеттерин "колдоону" токтотууга жана "эл аралык милдеттемелерин аткарууга" чакырды.
Уюм Орусиянын Украинага февралда согуш ачканы "соңку жаңы тарыхта өтө олуттуу азык-түлүк жана энергетикалык кризисти жаратып, анын кесепети дүйнөдөгү бардык аялуу топторго тиерин" эскертти.
АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония кирген уюм Орусия бөгөт койгон Украинанын буудайын экспорттоого тезинен жол ачылбаса, азык-түлүк кризиси жараларын белгиледи.
"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери санкцияларды киргизүү менен Орусияга экономикалык жана саясий басым күчөй турганын, Киевге "канча зарыл болсо ошончо" аскердик жардам берүү улантыларын белгилешти. Ошондой эле уюмга кирген мамлекеттер Орусиянын Украинага жасаган аскердик агрессиясын эч качан актабай турганын билдиришти.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg