www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык коопсуздук келишими боюнча уюмда быйылкы жылдын соңунда радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча жаңы түзүм пайда болот. Бул туурасында Беларустун коргоо министри Виктор Хрениндин айтканын РИА Новости жазды.

"Бүгүнкү күндө Украинадагы жүрүп жаткан атайын операция бир топ биологиялык лабораторияларды таап чыкты. Албетте, алардын бар экенин билчүбүз, эми далил менен болду. Биздин уюмдун келерки багыты — биологиялык кооптуулуктарга каршы аракет кылуу. Айтмакчы, жылдын аягына чейин бизде радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча жаңы түзүм пайда болот", — деген Хренин Беларустун "Во славу Родины" деген аталыштагы аскердик басылмасына маалымат берип жатып.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын химиялык жана биологиялык радиация жаатындагы аскердик бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-лейтенант Игорь Кириллов Украинанын аймагында Пентагондун кызыкчылыгына иштеген 30дан ашык биологиялык лабораториялар түзүлгөндүгүн айткан эле. АКШнын аскердик-биологиялык программасын андан ары улантуу үчүн Украинада атайын операция башталганда чыгарылып кеткен. РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова Орусия АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык иштеринен улам биологиялык жана уулуу куралдарга тыюу салган конвенциянын алкагында консультациялардын механизмин баштоону четке какпайт.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости