www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең 2018-жылдын 6-октябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин (Кыргызстан, Казахстан, Таджикистан, Өзбекстан) ички иштер министрлеринин кеңешме жыйналышы өткөрүлөт. Мындай форматтагы иш-чаралар биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Мындай денгээлдеги эл аралык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун тапшырмасын жүзөгө ашыруу максатында уюштурулуп жаткандыгын жана ал демилге Астана шаарында болуп өткөн Биринчи Орто Азия мамлекет башчыларынын жыйынында айтылган Орто Азия өлкөлөрүндөгү достукту жана бейпилдикти күчөтүү максатында жана аймактык кызматташтыкты жөнгө салууга багытталгандыгын белгилейбиз.

Биринчи ирээт өтүп жаткан кеңешме жыйындын төрагасы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев,  ошондой эле Казахстан Республикасынын ички иштер министри, полициянын генерал-полковниги Калмуханбет Касымов, Тажикистан Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамозон Хамро жана Өзбекстан республикасынын ички иштер  министри, генерал-майор  Пулат Бобожоновдор катышмакчы.

Ошондой эле кеңешмеге Орто Азия өлкөлөрүнүн чек-арага чектешкен облустарынын (Кыргызстан) Чүй ОИИББнин, Ысык- Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен ОИИБнин, (Казахстан) Алмата жана Жамбыл ички иштер департаментинин, (Таджикистан) Согдий облусунун ИИМдин башкармалыгынын,  (Өзбекстан) Андижан, Наманган, Фергана ички иштер башкармалыктарынын  жана департамент башчылары катышат:

Жолугушууда ички иштер органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүүдө биргелешип кызматташуу жана чек арага жакын аймактардын коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча механизимдерин өнүктүрүү боюнча маселелер каралат. Уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге жана терроризмге каршы ошонун ичинде Интернет аркылуу жайылтылып жаткан кылмыштуулугуна каршы, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча маселелер талкууланат деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости