www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек Саралаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларын, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча экологиялык мыйзамдардын иштебей жатканына байланыштуу текшерүү жүргүзгөн.
Анда Чолпон-Ата шаарындагы Бостери айыл өкмөтүндө таштандылар төгүлүүчү жерге мамлекеттик акт түзүлбөгөнү, таштанды талаасына расмий уруксат берилбегени жана таштанды талаасынын айлана- чөйрөгө тийгизген таасирине баа берилбегени аныкталган.
Маалыматта айтылгандай, бул 1976-жылдан бери иштеп келе жаткан таштанды талаасын жабуу тууралуу Мамлекеттик экотехинспекция токтом чыгарган. Бирок буга Чолпон-Ата шаар башчылыгы чара көрбөй, таштанды төгүүнү улантып келе берген.
Бул кырдаалдан улам Мамлекеттик экотехинспекция Ысык-Көл райондук прокуратурасына кайрылган. Прокуратура иликтөө иштерин жүргүзгөндөн кийин тиешелүү чара көрүү талабы менен ишти райондук ички иштер башкармалыгына багыттаган. Ысык-Көл РИИБи Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек Саралаевге кылмыш ишин козгогон.
Булак: “ПолитКлиника”