www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлгө Казакстан, Россия, Сауд Араб Падышачылыгы, Малайзия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания, Ливандан адистер келген.

 Чолпон-Атадагы Суучулдар борборунда 10 өлкөнүн суучулдары тажрыйбасын жогорулатууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, адистер Казакстан, Россия, Сауд Араб Падышачылыгы, Малайзия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания, Ливандан келген.

"Аларга ӨКМдин адистери бийик тоолуу аймакта 30 метр тереңдикке чейин чумкуу, суу астындагы авариялык-куткаруу, техникалык жумуштарды жасоо, биринчи жардам көрсөтүү, кесиптик ооруларды алдын алуу боюнча практикалык жана теориялык сабактарды өтүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.

 

Мындай тоо куткаруучулары жана суучулдары кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу максатындагы окутуулар жыл сайын өткөрүлүп турары кошумчаланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости