www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Белгород облусунда федерациялык деңгээлде өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды. Бул Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан жасалып жаткан чабуулга байланыштуу, деп билдирди облустун башчысы Вячеслав Гладков.

Мындай чечим Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренковдун жетекчилигинде өткөн өкмөттүк комиссиянын отурумунда кабыл алынды.

Мындан 1 күн мурда Белгород облусуна аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген болчу.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 6-августтан тарта Курск облусуна чабуул кыла баштады.

Последние новости