www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин олимпиадачылар менен жолугушуусу спортчулар арасындагы массалык коронавирустан улам жылдырылганын КазТАГ жазды.

«Кечээ президент Париж Олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө жана машыктыруучулар курамына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу тууралуу жарлыкка кол койгон, алар менен Касым-Жомарт Кемелевич 15-августта жолугушат деп пландалган. Тилекке каршы, спортчулардын жана машыктыруучулардын жарымына ковид диагнозу коюлган, ошондуктан жолугушууну башка күнгө жылдырууга туура келди», — деп билдирген президенттин басма сөз катчысы Берик Уали.

Ал жолугушуу сөзсүз болорун жана августтун аягында Акордада пландалып жатканын белгиледи.

Последние новости