www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чыгыш электр" ишканасынын жетекчилиги өзүнүн үйүнө майнинг-ферма ачкан Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭС) башчысын иштен алды. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин РЭСтин 45 жаштагы И.А.Ж. аттуу жетекчиси криптоволюта өндүрүү үчүн мыйзамсыз негизде үйүнө майнинг-ферма уюштурганы аныкталган. УКМКнын маалыматына караганда, ал фермасын электр энергиясына эсептегичтен тышкары туташтырган.

"Чыгыш электр" ишканасынын башкы дирекциясынын чечими менен Чолпон-Ата РЭСинин жетекчисинин милдетин аткаруучу И.А.Ж. иштен алынды. Ошондой эле ал 1 миллион 17 миң сом зыян келтиргени аныкталды. Учурда каражатты кайтаруу боюнча тийиштүү чаралар көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Ишкана мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости