www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аудит учурунда Бишкектеги Кардиология жана терапия улуттук борборунда жана ага караштуу Кыргыз-индия илим-изилдөө борборунда ири каржылык мыйзам бузуулар орун алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ички аудит башкармалыгынын жетекчиси Бек Ногойбаев билдирди.

Ага ылайык, аталган улуттук борборду соңку эки жылдан бери, ал эми ага караштуу Кыргыз-индия борборун 2011-жылдан тартып Акпай Сарыбаев жетектеп келген.

"Соңку он жылда Кыргыз-индия борборуна Кыргызстандагы Индия элчилиги 3 миллион долларга жакын кайтарымсыз акча берген. Каражат максатсыз пайдаланылып, Караколдогу лыжа базасына, циркке, ресторан-барларга барууга, кымбат баалуу арак-шарап сатып алууга жумшалган. Ошондой эле ушул акчалардын эсебинен медицинага тиешеси жок Франция, Италия жана башка өлкөлөргө сапарлар уюштурулган", деп айтылалат аудиттин материалдарында.

Ногойбаев Сарыбаевдин бир эле учурда эки жетекчилик кызматта турганы дагы мыйзамсыз экенин белгиледи.

Акпай Сарыбаев айрым маалымат каражаттарына комментарий берип, дооматтарды четке какты.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Акпай Сарыбаевди кызматтан алуу тууралуу Министрлер кабинетине сунуштама берген. Кардиология жана терапия улуттук борборунун жамааты аны кызматта калтыруу тууралуу кол топтогон.

Өкмөт Сарыбаевге байланыштуу азырынча чечим кабыл ала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости