www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден өлкөнүн НАТО боюнча союздаштары менен Украинага байланыштуу сүйлөшүүлөрүн улантууда. 9-декабрда ал Украинанын президенти Владимир Зеленский менен, андан кийин Болгария, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Польша, Румыния жана Словакия лидерлери менен телефон аркылуу орус бийлигинин Украина менен чектеш аймагына аскерлерин топтоп жатканына байланыштуу коопсуздук чаралары тууралуу сүйлөштү.

Ал арада Орусия Украинага жана анын Батыштагы өнөктөштөрүнө карата каршылык риторикасын улантып, түзүлгөн абалды "кооптуу" деп мүнөздөөдө.

Белгилей кетсек, ки күн мурда Байден орус президенти Владимир Путин менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, украин-орус чек арасындагы соңку абалды талкуулаган.

Батыш Орусия бийлиги Украинанын аймагына бастырып кириши ыктымал деген кооптонуусун айтса, орус тарап андай планы жок экенин билдирүүдө.

9-декабрда Байден украин президенти менен бул өлкөнүн чыгышындагы абал боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдү кайра улантуу, Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу, каржылык жана саясий колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости