www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда «Белая стрела» аталган жашыруун уюм бар. Алардын мүчөлөрү жалаң күч органдарынын мурункуларынан түзүлгөн. Азыркылары да бар, ал уюм эч жерде катталган эмес жана аларды эч ким таба албайт. Бири -бирин эч качан сатпайт жана алар жалаң биздин карапайым адамдардын эсебинен байыган жана аларга кордук көрсөткөн ЧИНОВНИК сөрөйлөрдү өз мыйзамдары менен «соттошот» жана кустурушат, айрым учурларда шартка байланыштуу «өлүм жазасына» тартышат. Башкача айтканда элдик өч алуучулар өлкөнү, элди ырайымсыз тоногон шылуун, ууру,кески, наадандарга өз жазасын колдонушат.
Республикалык бюджетти талкуулап жатып депутат Мадеминов президент бирди айтса, минкаб Жапаров башканы айтат деп каңырыгы түтөдү. Чындыгы Акылбек Жапаров «өзүм бий, өзүм хан» болуп баратат. Мамлекеттик кызматкерлер декларациясын толтуруп өткөрүп жатышат, бирок Акылбек Жапаров өз декларациясын өткөрүүдөн жалтаңдап турат. Азыр калп жазчу болсо шак эле бетине айтып чыгышат.Чынын жазайын десе,канчалаган салык төлөп калат, анан да барак түтөбү? Ушул мезгилде Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанга жумушчу сапары менен барды. Алдыдагы жаңы парламент өкмөттү кайра шайларын унутуп Акылбек Жапаров президент Касым-Жоомарт Токаев жана экс-президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушканда өзүн Кыргызстандын президенти катары алып жүрдү. Кыргызстандын эл мыйзамдуу шайлаган президенти бар эмеспи. Азыр Жапаров аймактарга калыс карабай түштүк тараптан Тогуз-Торону кошпогондо үч гана адамды министрлер кабинетине кошту. Бул көпчүлүктү, айрыкча парламентке депутат болуп келген түштүктүктөрдүн жүрөгүн оорутууда. Ошондуктан, Жапаровду министрлер кабинет жетекчиси кызматынан кетирип, ордуна Арзыбек Кожошевди алып келебиз дешкен депутаттар да жок эмес.
Казакстан өкмөт башчысы Мамин минкаб Жапаровго Токтогулдан агызып суу бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди. Суунун көлөмү Токтогул суу сактагычында 2021-жылдын 9-декабрына 10 млрд 822 млн куб. Агып келген суу секундуна 176 кубометр, чыгымдар секундуна 476 кубометр. Былтыр 2020-жылы 9-декабрда 13 млрд 386 млн куб болсо, 2019-жылы 9-декабрда 15 млрд 903 млн куб болгон. Былтыркыдан 2,5 млрд куб аз. Прогоноз боюнча 2022-жылдын 1-апрелине карата Токтогулда суунун деңгээли 7 млрд кубга түшөт. Жапаров болсо Токтогулдан Казакстандын түштүк тарабында дыйкандар кенен кесири сугат иштерин канааттандыруу үчүн өзү эле бөксөрүп бараткан Токтогул суу сактагычынан өзүнүн суусун берип жаткансып Казакстанга берген. Жапаровдун карамагындагы «Энергохолдингдин» айтымында: «Келишимге ылайык жайкы мезгилде Токтогул ГЭСинен суу чыгаруу иштери жүргүзүлүп, ал кышында электр энергиясы катары кайтарылды» -деп элдин башын айлантып жатат. Балким күзүндө кайтарылды деп кышында деп жазып алгандыр, анткени кышында кайтарып алгандай убакыт боло элек, кыш жаңы эле башталганда Жапаров Нур-Султанга барып жатат. Эмне үчүн Жапаров апыртып элдин башын айлантып жатат? «Кышында электр энергиясы катары кайтарылды» -деп кыш түшө электе жаздырбай: «Акчасын Казакстан берди эле «өз чама-чаркыбызга» керектеп койдук» десе туура болмок беле.
Кыргызстанда мамлекеттик кызмат элге кызмат кылуунун эмес, баюунун булагы болуп калды, коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 7,5 млрд сом кайтарылды. Учурдагы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго 2017-жылы депутат кезинде Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Жапаров 2009-жылы экономика жана каржы министри болуп турганда 200 млн сом (болжолдуу 4,8 млн.доллар) өлчөмүндө бюджеттик ссуданы жогорку кызмат адамдарынын туугандарына тиешелүү компанияларга бөлүп берген. Алардын арасында өзүнүн жубайы да болгон. Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында дыйкандарга берилген насыянын 97%ын депутаттар менен министрлер алган деп баса белгиледи.
Бирок Жапаров эч бир жоопкерчилик тарткан эмес, ага каршы козголгон кылмыш иши эмне болгону белгисиз. 2021-жылдын октябрында президент Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин башчысы кылып дайындады. 2021-жылдын апрелинде кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, Акылбек Жапаровго өкмөт эле эмес, президенттин администрациясы дагы баш иет.
Азыркы учурда бир топ жылдан бери токтоп калган Жапаровго тиешелүү “ДАМАС” соода комплексинде курулуштар кайра башталган. “Темиров каналы” атайын иликтөө жүргүзүп, Акылбек Жапаровдун аялынын, баласынын, башка туугандарынын офшордук компаниялар менен байланышы бар экенин шардана кылып айтып чыкты. Эми бул Кыргызстанда мамлекеттик чоң кызматта жүрүп байыган миллионердин классикалык үлгүсү да, туурабы? Цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай учурда министриби, же премьер-министри болобу – отставкага кетет.
Себеби, биринчиден, ал булганган репутациясы менен бүтүндөй өкмөткө көлөкө түшүрүп, эл алдында аброюн кетирет. Экинчиден, ушинтип абийири аштай төгүлүп жатса, кайсы бети менен иштемек эле? Кызмат ордун ээлегенге моралдык укугу болбойт да...
Бизде, Кыргызстанда болсо мамлекеттик казынадагы акчаны өз чөнтөгүндөгү тыйындай пайдаланган коррупционерлердин бети калың эмеспи, колуна кишен салып, УКМКга алып барганга чейин былтыйып отура беришет. Коррупционерлерди “кустуруп” жаткан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин шайы жетеби? Мамлекеттик кызматты ээлеп туруп, офшор менен байланышы болгон Акылбек Жапаровду “кустура” алабы?
Куудулдар айтмакчы “клизма жасайбы”, же “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей, көрмөксөн, билмексен болуп кутулабы? Эгер чара көрбөсө, мыйзамдуулук, калыстык, адилеттүүлүк, акыйкаттык тепсендиде калат го? Мындай баалуулуктардын түбүнө жетебизби? Кызык, Төрөбай Зулпукаровго, Асылбек Жээнбековго “иштеген” мыйзам Акылбек Жапаровго келгенде иштебей калабы?
Кыргыз бийлигинде коррупциянын курттун личинкаларындай жыбырап жайнап кеткени тууралуу айтылса эч ким танбайт. Ай сайын кыргыз ММКлары жогорку кызмат адамдары кармалганы тууралуу жазышат, кээде аларга сот оор жаза бергени айтылат. Көбүнесе чиновниктер жоопкерчиликтен качып кутулушат: сот жообунан чет өлкөгө качышат, бюджетке акча төгүп кутулушат, мунапыс менен бошонушат. Бирок баарынан да кызыгы убакыттын өтүшү менен алар саясатка кайтып келет.
Азыркы мезгилде «кустуруу» деп атаган экономикалык мунапыс чыккан. Кустуруу — коррупцияга шектелген жана айыпталган чиновниктер мамлекеттин пайдасына өз ыктыяры менен акча төгүшү. Бийликтин пикиринде, бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга тийиш, анын өлчөмүн УКМК эсептеп чыгат. Кеңири колдонулганы менен Кыргызстандын мыйзамдарында кустуруунун тартиби жазылган эмес.
«Уурдалган акчалар көп. Мамлекеттик казынадан акча уурдаган чиновниктин баарын камайбыз деген оюбуз жок. Эгер ал киши мыйзам чегинде акчаны мамлекетке кайтарып берсе, “тергөө менен кызматташуу” беренеси менен аларды коё бере алабыз», — деп түшүндүргөн УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев «кустуруу» тажрыйбасын.
Бирок кустуризациянын механизмдери бүдөмүк: зыянды ким-кантип аныктайт, кылмыш иштери жабылгандан кийин акчалар кайда түшөт — бюджетке өтөбү-жокпу же укук коргоо органдарынын эсептеринде калабы, белгисиз. Бул маалымат элге ачык жарыяланбайт.
Алсак, 2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында, финполдун экс-төрагасы Бакир Таиров Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаевди иш бөлмөсүнө чакырган. Ал Ботобаевди жумуштан алам деп коркутуп, агенттиктин жамаатынан бийликчил делген партиянын биринин үгүт компаниясына акча жыйнап берип, кызматкерлерин шайлоодо ошол партияга добуш берүүсүн талап кылган. Ботобаев кызматкерлери менен мекемеге караштуу түзүмдөрүнөн 14 миң доллар чогултуп, Таировко өткөрүп берген. Сот Таировду коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 265 миң сом (же $3125) айыпка жыккан. Мындан тышкары, Таиров мамлекетке өз ыктыяры менен 14 миң $ төгүп берип чалчаңдап саясатта жүрөт.
2015-жылы Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгын башчысы Кылычбек Арпачиев иш бөлмөсүндө 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Алгач ал коррупция боюнча айыпталып, күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 14 жылга эркинен ажыратылган.
Бирок 2019-жылы сот жеңилирээк жазага алмаштырган — «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара опузалоо» беренелери колдонулган. Ошентип Арпачиевдин мөөнөтү кыскартылып, жатак абакка которулган.
Качкындардын айрымдарына мекенинде оор айыптар тагылганы менен чет жерде жакшы эле отурукташып калат. Бозгун «чиништер» чет өлкөдө байманалуу жашашат. 2020-жылы 6-октябрга караган түнү, Бишкекте массалык нааразылыктар менен башаламандыктар учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган соттолгон бир топ чиновниктер, депутаттар абактан бошоп чыккан Көбү камалып, экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов укук коргоо органдарынын талабына баш ийбей, өлкөдөн чыгып кетишкен. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы аларга эл аралык издөө жарыяланганын билдирген.
Экс-транспорт министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулайманов 2012-жылы кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталган. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, чиновник жол куруу жумуштарына керектүү техника жана материалдарды сатып алуу үчүн жарыяланган тендерди туугандарына тиешелүү компанияга утууга шарт түзгөн, натыйжада мамлекеттик бюджетке 41 млн сом ($870 миң долларга жакын) зыян келтирген. Бирок Сулайманов жоопко тартылган эмес: ал дарылануу үчүн Германияга учуп кетип, ошол боюнча «жоголуп кеткен». 2016-жылы Нурлан Сулаймановдун иши кароо мөөнөттү өтүп кеткендиктен кыскартылган. Ал эми 2020-жылы октябрда ал «Кыргызстан» партиясынын катарында кайрадан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан.
Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылы декабрда Кыргызстан чыгып кетүү үчүн «Манас» аэропортуна барганда кармалган. Анын банктагы ячейкасынан декларацияда көрсөтүлбөгөн 889 миң доллар жана зер буюмдар табылган. Ошондой эле, УКМК депутаттын декларацияда көрсөтпөгөн кыймылсыз мүлкүн — жер тилкелери, батирлер жана кеңселер. Чиновник бул мүлктүн баарын адал эмгек менен иштеп табышы мүмкүн эмес: расмий маалыматтарга таянсак: Зилалиев менен жубайынын 2011-2017-жылдар аралыгындагы кирешеси болгону 3 млн сомду түзгөн.
Чиновникке каршы мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, Зилалиевди коррупцияга айыпташкан: мамгеологиянын директору болуп турганда алтын жана башка кендерди иштетүү боюнча лицензияны өзүнүн жумушсуз тууганына каттаган. Биринчи инстанциядагы соттор Зилалиевди аталган кылмыш иштери боюнча күнөөлү деп тапкан. Бирок 2021-жылдын июнь айында Жогорку сот «процессуалдык бузуулардан улам» өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.
2017-жылы УКМК экс-депутат Райхан Төлөгөновду талоончулукка айыптап кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2010-жылдын апрелиндеги экинчи революция учурунда Төлөгөнов башында турган адамдардын тобу кеңселерди жана турак жайларды карактаган, тонолгон объекттердин арасында өлкөдөн качкан президент Бакиевге таандык жайлар дагы бар. Төлөгөнов өзү талап-тоноо ишин саясий жүйөөлүү деп билдирген.
«Ата-Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев коррупция жана алдамчылыкка айыпталган, бирок акталган, «Ата-Журт» партиясынан бийликти күч менен басып алууга шектелип, жазасын өтөп чыккан Кубанычбек Кадыров,«Альянс» партиясынын талапкери, пара алуу боюнча шектелген Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши тергөөдө.Эми санай берсек булардын саны түгөнбөйт, бирок бийлик өкүлдөрү башкаларга караганда көп акталат
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg