www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу иштерине арналган көчмө жыйын өттү.
Жыйын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын директору Асан Мамыров жетектеген жумушчу топтун катышуусунда өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбековдун тапшырмасынын негизинде уюштурулду.
Иш-чарага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, ат майдандын директору Манас Акматбеков, курулуш тармагынын адистери жана тиешелүү көзөмөл органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жумушчу топ ат майдандагы даярдык иштерине комплекстүү баа берип, аттарды жайгаштыруу шарттарына, инфраструктуранын даярдыгына жана ветеринардык тейлөөнүн сапатына өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле оюндардын жүрүшүндө ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу жана мал чарба объектилериндеги көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Мындан тышкары, негизги иш-чаралар өтүүчү аймактагы эки мал союучу жайдын абалы каралып, аларды санитардык-ветеринардык талаптарга ылайык толук реконструкциялоо зарылдыгы белгиленди.
Жыйында малдарды кабыл алуу, кароо, союу жана кайра иштетүү этаптарында ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө маселелери да көтөрүлдү.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы өзгөчө көзөмөлгө алынары белгиленди.