www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу товарды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшту.

«"Бүргөндү" чек ара постунда «Hyundai Grand Starex» үлгүсүндөгү унаа менен бара жаткан Ош шаарынын тургуну, кыргызстандык жаран кармалды.

Жаран "Бүргөндү" чек ара посту аркылуу Өзбекстандын Чоң-Кара анклавына кирип, ал жерге аксессуар түрүндөгү товарлардын бир бөлүгүн түшүргөн. Кайтып келе жаткан учурда ал калган контрабандалык жүк менен чек арачылар тарабынан кармалган», деп түшүндүрүштү мекемеден.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, унаадан аксессуарлар жана электрондук товарлар, анын ичинде кубаттагычтар, кабелдер, кулакчындар, телефон кармагычтар, видеорегистраторлор, USB-флешкалар, Power Bank, унаа кубаттагычтары, электр устаралар, жарык бергичтер жана башка буюмдар табылды.

«Жалпысынан 3802 бирдик товар аныкталды. Контрабандалык жүктүн болжолдуу наркы 750 миң сомду түзөт.

Кармалган жаран унаасы жана жүгү менен бирге тиешелүү органдарга өткөрүлдү», - деп айтылат маалыматта

Последние новости