www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү  жылдын 21-майында мамлекетибиздин«Быйылкы адеп, ыйман, маданиятжылына» карата арналган балдар музыкалык мектебинин отчеттук концерти борборубуз Чолпон-Ата шаарынын «Чолпон» кинотеатрында чоң программада салтанаттуу болуп  өттү. Концертти музыкалык мектептин эстрадный вокал бөлүмүнү актердук сөз чеберчилиги сабагынынын мугалими Кундуз Калдыкеева жана эстрада вокал бөлүмүнүн 3-классынын окуучусу БегимайАкжолтоева, бүтүрүүчү Жанболот Сыртпаевдер ачып, алып барышты.

Мектептин директору Жыпара Турдакунова жана окуу бөлүм башчысы Анара Молдоевалар бүтүрүүчүлөргө кү күбөлүк тапшыруу боюнча чыгышып, шаардын мэри А. Саралаев, шаардык аялдар кыймылынын «Назик» уюмунун төрайымы Л. Бровко, «Ысык-Көл баяны» газетасынын мурунку редактору И. Жунушев,мэриянын аппарат жетекчиси Э. Абдылдаканова, райондук маданият бөлүмүнүн башкы адиси Э. Токтомушевалар озүлөрүнүнжакшынакай каалоолорун билдиришип, бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөрдү , эмгегисиңген мугалимдерге жана активдүү ата-энелерге Ардак грамота жана ыраазычылык каттарды тапшырышты. Мындан ары да таланттуу ышкыбоз балдарды тарбиялап чыгууларына зор салым, кажыбас кайрат каалашты. Шаардык мэриясынын Ардак грамоталары менен мугалимдер А. Окенова, Г. Молдобаева, А. Абайылдаевалар сыйланышты. Ысык-Көл райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасынынорун басары С. Арыкпаевактивдүү  ата-энелердин катарында болуп, ыраазычылык каты мененсыйланып,  өзүнүн жакшынакай каалоосун билдирди.

Скрипкада, комузда, фортепианнодо,  гитарадамыкты ойноп, бийлер бийленип, созолонгон жагымдуу ырлар ырдалып, өздөрүнүн зор чеберчиликтерин жогорку деңгээлде көргөзө алышты. Быйыл 34 окуучу бүтүрүп,  12си артыкчылык күбөлүгүнө  татыктууболушту. Директор Ж. Турдакунова мектептин ушул жылдагы жетишкендиктерине кеңири токтолуп, имараттын курулгандыгына 80 жыл толуп, эскилиги жеткендигине байланыштуу шаардык мэр А. Саралаев чатырды толук жаңыртуубоюнча 1 млн  сом которуп, сентябрь айыначейин бүтүрүп берээрин колго алып, шаардык Кеңештин төрагасы Т.Сарыбагышевге долбоорду колдоп беришкенине жамааттын атынан терең ыраазычылыгын билдирди. Ушул жылдын апрель айында республикалык мугалимдер аттестациясы болуп Ысык-Көл облусу боюнча биздин мектеп эң мыкты деген баага татыды деп, бизден бүтүрүп кеткен фортепианно бүлө менен  бүтүрүүчүсү  А.Ибраимова М. Абдраев атындагы музыкалык мектебин бүтүрүп, азыр К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында 1-курсунда окуп жатат. Франциядагы Лион шаарындагы консерваторияда чакыруу келип, кыргыздар концерт беришкен. Ошого жолдомо алган Алтынай Ибраимов агабиздин мэрия 35 миң сом акчалай жардам берген. Ушунун баарына терең ыраазычылыгын билдирип  өттү.

Концерт жаркын маанайда болуп, шаң-шаңга кошулуп, келген коноктордун жүздөрүндө  жылмаю уялап, кубанычка толкушту.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Сүрөттү тарткан А.Ибраимова

Ысык-Көл облусу

Последние новости