www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамында Баш мыйзамга кайчы келген беренелер арбын деп эсептейт.

Жакупова мыйзам одоно жана сабатсыз жазылганын белгилеп, Конституциялык сотту жана юристтерди буга реакция жасоого чакырды.

“Сунушталып жаткан мыйзам Баш мыйзамга жана башка укуктук нормативдик актыларга каршы келет. "Чет элдик өкүл" мыйзамы керек болуп атса, анда Жогорку Кеңеш кесипкөй юристтерди чакырып, иштешип, мыйзам жазып чыгышсын. Эл аралык уюмдар, керек болсо бүт дүйнө Нарматованын долбоору боюнча билдирүү таратып, тынчсызданып атат, себеби мыйзам одоно, сабатсыз жазылган. Колдоп, кол көтөрүп аткан депутаттар жок дегенде жай отуруп, мыйзамды өз көзү менен окуп чыгышы керек. Алар кеңешчинин эле сөзү менен сүйлөп атат. "Чет жерден каржы алып жаткандардын баары ошол тараптын таламын талашат, мамлекеттик органдардын чечим кабыл алуусуна аралашпасын" деп атат. Анда ошол эле мамлекеттик мекемелер, министрликтер да грант албасын. Ошол эле Жогорку Кеңеш, Юстиция министрлиги донорлордун колдоосун пайдаланып келет. Бул мыйзамдын логикасы кайда? Баш мыйзамды тебелеген мыйзам бул. Мен бейөкмөт уюмдун өкүлү катары депутаттарга, президенттерге кайрылуу укугуман ажыратылат экенмин. Ушунтип да мыйзам жазса болобу? Өлкөбүздө өз ишин так билген кесипкөй адамдар жокпу? Конституциялык сот бар, конституциялык укук боюнча адистер бар. Мына ошолор кеңешин берип, Баш мыйзамга туура келбестиктерди алып салсын. Ошондо Нарматованын мыйзамынан эч нерсе калбайт, актай барак гана калат. Себеби, ал толугу менен Баш мыйзамга карама-каршы келет", - деди Жакупова.

Чолпон Жакупова жетектеген "Адилет" укуктук клиникасы буга чейин депутат Надира Нарматова сунуштаган мыйзам долбоорунун биринчи вариантын иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Аталган клиника кайра толукталып чыккан вариантында да катаал чаралар бар экенин белгилеп келет.

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат.

Transparency International эл аралык уюму мыйзам каралып жаткан чакта Кыргызстандын парламентин бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырып билдирүү таратты.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости