www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-февралда Өзбекстан менен Ооганстанды байланыштырган “Хайратон - Мазари Шариф” темир жол линиясын реконструкциялоо жана оңдоого арналган салтанат болуп өттү.

Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Иштин биринчи баскычын баштоо үчүн “Өзбекстан темир жолдору” ишканасы 120 жумушчу жөнөткөн.

Бул баскычта “Наибабад” станциясына жүк вагондорун жеткирүү пландаштырылууда.

Өзбекстан менен Ооганстандын темир жол компанияларынын жетекчилери былтыр ноябрь айында “Хайратон - Наибабад - Мазари-Шариф” темир жол тилкесин оңдоону макулдашкан.

Ооган тараптын айтымында, “Өзбекстан темир жолдорунун” жетекчиси Зуфар Нарзуллаев оңдоо иштерин “жогорку сапатта жана 50% арзандатуу менен” жүргүзүүгө убада берген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости