www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн,18-майда, Бишкек шаардык соту “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы, экс-депутат Чолпон Жакупованын арызын карады. Тилекке каршы, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, «Президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысына шек келтирди» деп Башкы прокуратура Zanoza.kg сайтын сотко берген. Аталган сайтка Чолпон Жакупованын Бишкектеги талкуулардын биринде өлкөдөгү абал тууралуу айткан пикири чыккан. Ошонун негизинде, сайттын журналисттери Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакуповадан (ар биринен) 3 миллион сомдон талап кылган. Андан сырткары, экс-депутат Чолпон Жакупованын мүлкүн камоо боюнча чечим чыккан.

Ал эми Чолпон Жакупова Октябрь райондук сотунун өлкөдөн чыгууга тыюу салуусун, үйүн камакка алуу чечимин жокко чыгаруу боюнча шаардык сотко арыз жазган эле.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости