www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпонбек Абыкеев: “Башты айланткан Баш мыйзам”

“29 жыл мыйзамды карабай эле жашап келгенбиз. Мындан ары деле мыйзамсыз жашай беребиз”, - деп жазды жазуучу Чолпонбек Абыкеев өзүнүн Facebook баракчасына.

“Башты айланткан Баш мыйзам

Баш мыйзамдын долбоору кыргыз жана орус тилинде жарыяланды. Экө бири бирине дээрлик көп жагынан окшошпойт. Демек котормо деп айтуу туура эмес. Бул долбоорлорду "Баш мыйзамдын Кыргызча жана Орусча вариянттары"- деген туура болот го. Маселен Кыргызчасынын 7- беренси толугу менен Элдик Курултайга арыналган. Орусчасында болсо Элдик Курултай боюнча сөз жок. Эмне кылуу керек? Орус тилдүүлөр Орусчаны талкуулай бергиле. Кыргыз тилдүүлөр Кыргызчаны талкуулайлы. Жыйынтыгында Орус тилдүүлөр үчүн өзүнчө, Кыргыз тилдүүлөр үчүн өзүнчө Баш мыйзам кабыл алып коелу. Ансыз деле буга чейин 29 жыл мыйзамды карабай эле жашап келгенбиз. Мындан ары деле мыйзамсыз жашай беребиз. Ошого да чуулдашып баш оорутат белек”, - дейт Чолпонбек Абыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости