www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кол өнөрчүлүк өндүрүшү банкрот алдында турат

Соода-өнөр жай палатасында өткөн жыйында кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча кичи комитеттин төрайымы кол өнөрчүлүктүн абалы жөнүндө айтты. Бул тууралуу агенттиктин сайтында маалымдалды.


Маалым болгондой, Кыргызстанда кол өнөрчүлүк өндүрүшү банкрот болуу алдында турат. Пандемиянын айынан туризм тармагы ишин токтотуп, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары да сатылбай калды. 


Чакан дүкөндөр жабылып, ишкерлер жумушчуларын эмгек өргүүсүнө чыгарбай туруп эс алууга жөнөткөнү өлкөдөгү жумушсуздуктун өсүшүнө таасирин тийгизди, деп айтылат маалыматта. 

 

Белгилүү болгондой, кол өнөрчүлөрдүн ортосунда кризистен чыгуу боюнча бирдиктүү пикир жок, бардык чакан өндүрүүчүлөр өз-өзүнчө иштешет, ар кандай сапаттагы чийки заттан өз продукциясын жасашат.

"Антикризистик чаралар катары, биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карантин мезгилинде кол өнөрчүлүк тармагынын ижара акысын жокко чыгаруу, салык жана социалдык чегерүүлөрдү төлөөнү азайтуу маселелерин карап чыгууну сунуш кылдык. Болбосо,  маданий мурастарды сактоодо турган Кыргызстандын кол өнөрчүлүгү жабылып калуу алдында турат”, -деп жыйынтыктады кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча комитеттин төрайымы Жыпара Раимкулова.

 

Мындан тышкары, жыйында жүндү жууган жана баштапкы иштетүү продуктусун чыгарган заманбап технологиялык жабдуулары бар ишкана түзүү маселеси көтөрүлгөнү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости