www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А.Атамбаев өзүнүн  “Апрель” телеканалына кенен бир жарым саат убакыт маек бергенден бери ММК эрмек табылды. Өзгөчө ансыз деле ишсиз ээригип жүрүшкөн эски саясатчылар менен жаңыдан саясатка аралашсам деп аракет кылгандарга кудай берип салды. Каалаганча маек беришип анысы ошол замат кайсыл бир сайтка же ММК чыгып тим эле жылдыздары жанып “атактары” чыга башташты.

А.Атамбаевдин берген маеги тууралу 100 макала же маекти кайта кайта окусаң деле маанилери окшош айылдагы абысын ушактын деңгээлинен көтөрүлө албаганын байкайсың.

Бул да болсо бүгүнкү биздин коомубуздун деңгээлин көрсөтүп турат. Кайран Кыргыз элим шоруң көп экен да дейсиң. Алты жыл Президент болгон адамыбыздын үйүндө бир жыл бош отуруп, өткөн кеткенине баа берип, мамлекеттин келечегине “жаны күйүп” кемчилдиктерин түшүнүп анан “агынан жарылып” берген  маеги ушул экен.

Мындайда айтаарга сөз да таппай каласың. Акылың айран болот. Кечээ эле так ушул Атамбаев өзү “Мен Кыргызстанда биринчи жолу бийликти мыйзамдуу жолу менен өткөзүп берип жатам. Шайлоого кылдай да кийлигишпей, мыйзамдын үтүрүн да бузбай таза шайлоо өткөздүм”- деп бир айтып бир койбой эки айтып эки койбой көкүрөгүн койгулаган эле. Анда эмне мас беле же похмелден чыга албай жатып сүйлөдү беле? Бүгүн болсо “Президенттик шайлоого баланча миллиондогон доллар коротулган. Эч кандай саясый кадыр-баркы жок Жээнбековду күчкө салып көтөрмөлөп отуруп Президент кылгам”- деп эч кызарбай туруп сүйлөй баштады. Ошондо кайсыл Атамбаевге ишенебиз. Кечөкүсүнөбү же бүгүнкүсүнөбү? Шайлоого Президент болуп туруп түздөн-түз кийлигишкенин моюнуна алып жатканын  билип туруп айтуудабы же дагы деле Кыргызстандын мыйзамдарын уруп ойнобойбу? Мындай кылыктарынын кайсыл бирин айталы?

Канча жыл саясатта жүрсө да Атамбаев “көчө саясатынан” өйдө көтөрүлүп интеллектуалдык саясаттын денгээлине жете алган эмес экен. Көчөдө же кайсыл бир имараттын жанына барып алып оозуна эмне келсе оттоп “Кетсин”- деп кыйкырган саясатчынын денгээлинде кала берген экен.

Болбосо Пезидентен кеткенден кийин бир жыл бош отурду. Мамлекеттеги проблемаларга кайра бир сын көз менен карап терең анализдеп, экономиканы кантип жолго койсок болот, руханий маданий жактан кантип өсөбүз, мамлекеттүлүгүбүздү кантип бекемдейбиз дегенге ой топтоп сунушун айтууга кенен убактысы болду. Эгер чындап эле Кыргызстандын келечегине жаны күйсө сөздү ушундан баштайт эле. Иштеген кишиден кемчилдик кетпей койбойт. Барын болбосо да айрым кемчиликтерин мойнуна алып “Бул жерде мен кемчилдик кетириптирмин. Мойнума алам”- деп койсо андан да жакшы болмок.

Күйөөсү өлүп канги баш болуп калган абысындардын дээнгээлине түшүп, Бакиевди кайта-кайта эстеп, шоопурун коргоп, өйдө-төмөн сүйлөш алты жыл бир мамлекетти башкарган Президенттин сөзү ушулбу?

Ошончо эле саясаттан кеткиси келбей Кыргызстанга күйүп жатса керек болсо мыкты аналиттиктерди жалдап (буга акчасы кенен жетет) жарым жылдан бери мамлекетти өнүктүрүүнүн мыкты экономикалык жолдорун иштетип чыкса болмок. Бүгүнкү бийликтин кетирип жаткан кемчиликтерин фактылар менен далилдүү айтса болот эле. “Бакиевдин жолуна түштү. Баарына Бакиев күнөлү”- деген эчак эскирип элди тажаткан ырларды кайта кайта ырбай бербей.

Аргументтүү фактылар менен элдин, мамлекеттин кызыкчылыгындагы сөздөр сүйлөнсө эл да “Атамбаев туура айтты кантсе да мамлекетке күйгөнү чын экен.”- дешмек. Бул маегинен кийин алгач Атамбаев бир жарым саат маек бериптир деп дүргүй түшүшсө бара-бара биринчи “толкундун” мизи кайткандан кийин, кайта-кайта маани берип анализдеп чыгышып ичинен маанилүү бир быдыр таппай. “Койчу ушул АШАны”- дешип баш чайкаганга өтүштү. Болгон жетишкендиги ушакты жакшы көргөндөрдүн уу-дуу ушакташкан эрмегине айланды. Муну саясаттын тилинде “Өзүн өзү саясый өлүкө айлантты”- деп коюшат.

Чолпонбек Абыкеев жазуучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости