www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбектин сөзүнөн мурда да анын «бөркүнө» буга чейинки жабышкан «коррупционер»- деген атынан улам «казанбактай» болуп калган. Ошондуктан, ал туура сөз сүйлөсө деле коомчулук тескери кабыл алып, «сиркелери суу көтөрбөй» жактырбай жатышат. Мындай пикирин жазуучу Чолпонбек Абыкеев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Башталышта Сөз болчу жана Сөз Кудайда болчу жана Сөз Кудай Өзү болчу. Иоан.1,1-2

Ар бир сүйлөнгөн сөз өз ордун таап, туура, өз багыты, учуру менен сүйлөнбөсө оң сүйлөдүм деп ойлосоң да тескери таасир берет. Акылбек Жапаров деген азаматыбыз ушундай абалга көп түшөт. Бир кезде «Малга паспорт берели»- деп айтып алып канча жыл шылдың болду. Арадан 15 жыл өткөндөн кийин «Чын эле эгер чет өлкөгө эт-сүт чыгаргып саткыбыз келсе малдын паспорту керек экенин моюнубузга алып унчукпай калдык. Бүгүн болсо «Россияга жумуш издеп баруучуларга көмөктөшөлү»- деген мааниде сүйлөйм деп бирок, бир сөздү туура эмес кошуп, дагы талоонго түшүүдө.

Кыргыздар «Жаман көргөн кишиңдин бөркө казанбактай»-деп коюшат. Маселе Акылбектин сөзүнөн мурда да анын «бөркүнө» буга чейинки жабышкан «Коррупционер»- деген атынан улам «казанбактай» болуп калган. Ошондуктан, ал туура сөз сүйлөсө деле коомчулук тескери кабыл алып, «сиркелери суу көтөрбөй» жактырбай жатышат. Муну ар бир коррупционер ойлонушу керек. Коррупционерлер тазалангыла. Силерди керек болсо сөз да жазалай баштады», - деди Абыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости