www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы вакциналарды сактоо үчүн USAID уюму Кыргыз өлкөсүнө муздаткычтарды сатып бербейт. Бул тууралуу вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин ойлонбой айткан сөзү үчүн кечирим сурайт. USAID муздаткычтар боюнча өз кызматын сунуштаган эмес. Саламаттыкты сактоо министри жаңылган", - деп жазды Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, кечээ 21-январда USAID уюму Кыргызстанга Америкалык "Pfizer" вакцинасын сактоо үчүн атайын муздаткычтарды бере тургандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айткан.

"Вакцина боюнча азыркы кезде уюм бизге муздаткычтарды бекер берип жатат. Биринчи бизде 15 миң доза берилет деп айтылып жаткан, азыркы учурда сүйлөшүүлөр боюнча 1 миллион 200 дозаны июнь айларында бекер муздаткычтары менен кошо берет. Экинчиден, биз каржы министрине билдирдик, Орусиянын муздаткычы келип калса, ал 2 градустан 18 градуска чейин кармайт экен. Ага биз өзүбүздүн суммада канча акча кетерин бердик, финансы министри буга макул болду. Акча бар деди", - деп билдирген Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости