www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт экспресс-тесттерди кытайлык компаниядан сатып алган. Бирок алардын экспресс-тесттердин сапаты тууралуу сертификаты жок болчу. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү Самат Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, бул тесттер эффективдүү эмес болчу.

«Эмне үчүн көзөмөл болгон эмес? Аларды сатып алууга болбойт деп айтылып жатпады беле», - деп суроо салды Асаналиев өкмөткө жана республикалык ыкчам штабга кайрылып.

Ошондой эле, ал дары-дармектер менен камсыздоо маселесин дагы козгоп, бардык медициналык мекемелерге антибиотиктер алынганы, бирок, эч ким башка дарыларды сатып алууну ойлонбогонун белгиледи.

Өз кезегинде Асаналиев айрым кымбат антибиотиктерди сатып алууга лоббирлөө болгонун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости