www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу алыста жүргөн мекендештер жана коноктор! 23-январдан тартып Кыргызстандын аймагына кирген жарандардан ПЦР тестин жыйынтыгы талап кылынат. Маалыматты Саламаттык сактоо министри берди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчисинин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков бүгүн, 22-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Учурда, коронавирустун мутация болгон түрү чет өлкөлөрдө, айрыкча Лондондо жайылып, ал адамдын жаш курагын ылгабай жугуп жана тарап жатат. Бул илдет Россиянын аймагына дагы жеткени кабарланды. Ошого байланыштуу, Кыргызстан дагы коопсуздук чараларын күчөтүп, элдин саламаттыгына кам көрүп жатат. Анын алкагында Республикалык штаб көзөмөлдү күчөтүү чечимин кабыл алды.

Урматтуу туугандар жана мекендештер! Кыргызстанга кирип жатканда эми бир аз ыӊгайсыздыктар болуп, талаптар мурдагыдан бир аз күчөтүлөт. Бирок бул жалпы элдин ден-соолугуна кам көрүү үчүн болуп жаткан аракет.

Барыбыздын эсибизде, өткөн жылы вирустун алгачкы жайылып баштаган учурунда, бизге келбей тургандай ишенбөөчүлүк мамиле жасаган элек. Бирок илдет биздин мекенибизге дагы келип, бир топ адамдардын өмүрүн алып кетти. Көпчүлүгүбүз ооруп, башыбыздан өткөрдүк. Ошондуктан, жаӊы күтүлүп жаткан вируска жоопкерчиликтүү мамиле жасап, алдын-ала сактануу чараларына көӊүл буруп, талаптарды аткаралы!

Бул маалыматты башкалар менен бөлүшүп, алыстан келүүсү күтүлүп жаткан тааныштарыӊыздарга дагы жеткирип коюну өтүнөбүз!

ПЦР анализинин жыйынтыгы учаар алдында мөөнөтү 72 саатан ашпоосу зарыл, 7 жашка чейинки балдардан анализ жыйынтыгы талап кылынбайт.

Ынтымактуу аракетибиз – барыбыздын саламаттыгыбыз!», - дейт Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости