www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Мамлекеттик кызматка жетсем эле кыйратам. Мага үч күн жетиштүү"- деп жулунуп кыйкырган жаштардын бири "Кабинет суук. Айлык аз.Мындай айлыкка кантип иштейм"- десе экинчиси дымы чыкпай жок болду. Мамлекеттик кызматка барсам эле жомоктогу Хоттабч чалдай "Сакалымдын ар бир талын жулган сайын баары аткарыла берет"- дешсе керек. Мындай пикирин белгилүү жазуучу Чолпон Абыкеев жазып чыкты.
Ага кошумча, «Саат кантип так жүрөт? Анткени механизиминин ар бир тетиги туура жайгашып өз кызматын аткарат. Так ошол саат сыяктуу эле мамлекеттик башкаруу "механизимин" оңдоп ар бири өз кызматын туура так аткара турган ордуна коймоюн башаламан болуп "бузулган саатча" иштебей тура берет. Андай башкаруу механизими туура иштебеген мамлекетти оңдошко сыйкырчы Хоттабчтын сакалынын кылы да жетпейт. Ачыгы ушундай. Эсиңерге түйүп алгыла! Кыргызстандагы бүгүнкү абалды оңдошко сыйкырчы Хоттабчтын сакалынын кылыда жетпейт”, - деп кошумчалаган белгилүү жазуучу Чолпонбек Абыкеев.
Булак: NazarNews.kg