www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат темасында өздүк талдоолору, коомдук турмушка карата ой толгоолору менен белгилүү болгон, ошол эле маалда журналистика чөйрөсүнө да баш багып турган Чолпонбек Сыдыкбаев деген мырза бар. Саясат таануу илимдеринин кандидаты, мамлекеттик структуралар, өлкө бүтүндүгү жаатында бир нече ой толгоолорун ортого таштап келе жаткан Чолпонбек мырза менен  ИИМ тармагы жаатында маектештик.

-Чолпонбек мырза, алгач милиция дегенде сиз эмнени элестетесиз жана эмнени билесиз?

-Негизи адам мамлекеттен же бийликтен ички жана тышкы коопсуздукту камсыз кылууну, адилеттикти жана социалдык теңчиликти эле талап кылат. Бул мамлекеттүүлүктүн алгачкы формалары жаралгандан бери эле келаткан түшүнүк, талап болсо керек. Керек болсо бул түшүнүктөр мамлекеттүүлүктү тиреп турган түркүктөр. Ошол үч түркүктүн негизгиси ички коопсуздук деп билем.  Ички коопсуздук камсыз болбосо тышкы коопсуздук жөнүндө кеп кылбай эле койгон оң. “Өтүгүм тар болсо кең дүйнөнүн кеңдиги курусун” дегендей. Мен милицияны “адам турмушунун сакчысы”  деп түшүнөм.

-Милиция биздин коомдо өзүнүн образын кандай багытта ачышы керек?

-Милициянын образы азыркы заманда мүмкүн болушунча максималдуу, керек болсо идеалисттик бейнеде болсо туура. Себеби тышта 21–кылым. Тээ кайсы бир кылымдарда эле адам баласы учуучу килем деп – самолетту, Жер тыўшаар маамыт, көрөгөч маамыт деп – телефон, интернетти,  от араба ж.у.с. технологияларды кыялданса керек, ошонун баары ишке аштыбы (?) ашты. Эми айчылык - күнчүлүк аралык менен көз ирмемде байланышып жаткан маалыматтык технологиялар өнүккөн азыркы шартта милицияны “супермендин” образында эле кабылдаш керек. Кыскасы, жакшы тилек жарым ырыс. Каалап жакса кар күйөт демекчи азыр милициянын мүмкүнчүлүгү жогору. Эгер мамлекет, бийлик коомдук сакчыларга чындап шарт түзсө көп өзгөрүүлөрдү жаратса болот деп эсептейм. Себеби көчөлөрдө, унааларда камералар, тыўшоочу аппараттар, уюлдук байланыш  ж.б маалыматтык заманбап технологиялар ушунун баары милициянын ишин жеңилдетти да. 

-Сиз саясат таануу илимдеринин адисисиз. Милиция тармагы саясатташып кетти дегенге кошуласызбы?

-Коомдо жашап туруп коомдо болуп жаткан процесстерден оолак болуу деги эле мүмкүн эмес. Азыр элибиз өзү ашкере саясатташып кетти да. Жумушта, көчөдө, конокто, үйдө деги саясат сүйлөнбөгөн жер барбы? “Сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет” деген учкул сөз бар. Бийлик  бул саясаттын субьектиси. Милиция мамлекеттик бийликтин бир органы болгондон кийин бийликтин буйругун аткарууга аргасыз. Бирок, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында саясий бийликтин  катачылыктары бийликтин өзүн эле эмес милициянын жүзүн да жер караткан учурлар жок эмес. Бир эмес бир нече жолу бийликке жаалданган эл ачуусун милициядан чыгарып ийген  учурлар болуп келет. Коомдук тартипти сактайм деп келип ошол коомдун жаалданган өкүлдөрүнөн запкы көрүү албетте ызалуу жана аянычтуу. Саясаттын дагы бир терс таасири: саясий бийлик алмашкан сайын мурдагы бийликтин бул системадагы айрым алгылыктуу иштери жокко чыгып, орто жолдо калып жаткандыгы. Өзгөчө ИИМде реформа системалуу жана үзгүлтүксүз удаалаш жүрүп, бир реформанын кемчилигин экинчиси толуктап, өркүндөтүп тургандай болсо болоор эле деп эсептейм.

-Киберкоркунучтар, экстремизм-терроризм багытында Кыргызстанда милиция тармагы кандай иш-чараларды күчтөндүрүү керек?

-Киберкоркунуч, экстремизм-терроризм азыркы замандын чакырыктары. Компьютердик чабуул, террордук актылар менен бир заматта эле глобалдык же локалдык чөйрөдө  адамдын бейпилдигин аңтар-теңтер,  маалымат айдырын астын-үстүн кылып ийсе болот. Мунун алдын алыш үчүн ИИМдин астында маалымат-аналитикалык борбор  болуп, анда жаўы заманбап технологиялар жаатында “тишине чейин куралданган” күчтүү программисттер, социолог, политолог-аналитиктер күнү түнү иштеп, коркунучтарды талдап туруш керек деп ойлойм.  УКМКда андай борбор бар, бирок ИИМдеги борбордун спецификалык өзгөчөлүгү болуш керек. Себеби “үч тамгага” караганда ИИМ элге жакын система. Ал эми экстремизм-терроризм жаатында айтсам: эгемендик алгандан бери өлкөбүздө ага ылайык кыртыш жаралып, керек болсо  жылдан жылга кооптондурган жагдайлар өсүп жатат. Бул диний экстремизмге тиешелүү. Объективдүү жана субъективдүү себептерден улам (Кыргызстан өзүн социалдык экономикалык жактан бекемдей албай)  дээрлик отуз жылга жакын аралыкта мамлекетке, бийликке болгон ишеним кескин төмөндөп, анын негизинде коомдун бир бөлүгү ишенимди динден табышты. Диний фанатизмден диний экстремизм-терроризмге чейин эки эле кадам. Ишенимди бийликтен, мамлекеттен эмес динден тапкан айрымдар диний фанаттарга айланып Арабиядагы же Пакистан, Индиядагы “духовный борборлордон” чакырык болсо автоматты көтөрүп “Алла Акбар” деп жүрүп бере турган абалга келип калды. Бир чети бул улуттук баалуулуктарды акырындап жок кылчу күчкө айланып жатат. Ошондуктан бул жаатта тагыраагы салттуу исламдын чегинде иш алып баруунун зарылдыгы, ашепке диндешүүнүн арты жакшы болбосун түшүндүрүү иштерин  жүргүзүү актуалдуу болуп жатат. Бул жаатта ИИМ Билим берүү министрлиги менен орто жана жогорку окуу жайларда, мектептерде биргелешкен идеологиялык аракеттерди көрүшү зарыл деп эсептейм. Мындай аракет коомдук тартипти камсыз кылуу, экинчиден улуттук коопсуздукту чыңдоо жаатында да чоң мааниге ээ. Жагымсыз окуялардын кесепеттери  менен күрөшкөндөн да алардын алдын алуу чоңмааниге ээ.  Албетте бул үчүн саясий бийликтин эрки жана кадамдары болсо гана андай иш аракеттерди практикалык жактан ички иштер органдары аркылуу ишке ашырса болот.

-Коомдук тартип сакчыларына бүгүнкү күндө кандай колдоо керек? 

-Коомдук тартип сакчылары деле пенде, алардын да үй-бүлөсү, күндөлүк турмушу бар. Үй-бүлөсүнүн материалдык абалынан бейкам болсо, тапкан айлыгы тамак-ашына, отун-суусуна жетсе, милиция социалдык-турмуштук көйгөйлөрдөн бийик турса албетте ал коом үчүн ошончолук  натыйжалуу иштейт. Ички иштер органдарындагы айрым терс көрүнүштөр ушундай көйгөйлөрдөн улам келип чыгат. Мен жакында ИИМдин райондук бөлүгүндө иштеген мурдагы студентиме жолугуп ал ахвал сурашсак ал айтат: “Жакындан бери айлыгыбыз 7000 сомго көбөйдү, ушул сумма дагы кадимкидей тыгынчык болуп материалдык-каржылык абалыбызга оңтаасир этти”-дейт. Көрдүңүзбү, милициянын айлыгынын көбөйүшү материалдык абалын жакшыртат, аларды сыйлоо, ишине карап оң баа берүү, кызматтан көтөрүү дегендей процесстер аларга дух берет, шыктандырат.

-Эл менен милиция ажырагыс биримдикте иштеши керек деген аныктамага кошуласызбы? 

-Албетте коом менен милиция биргелешип иштеши абдан маанилүү. Себеби кызыкчылыктар бир да. Андай ыкма союз убагында кеўири практикаланчу дешет. Азыр соцтармактар аркылуу, граждандык активисттердин жардамы менен  милиция өзүнүн ыкчам аракеттерин, аналитикалык иштерин күчтөндүрсө болот.

-ИИМ учурда бардык тарапта реформалык аракеттерге барууда. Бирдиктүү терезе, Командалык борбор, Жол коопсуздугу, район коопсуздугу, Мониторинг борбору аттуу санариптешкен иш чараларды жүргүзүү менен коррупцияга байланышкан жагдайларды азайтуунун үстүндө иштеп жатканы маалым. Быйыл Президенттин да Жарлыгы бар мына ушул багытта иш-чараларды күчтөндүрүү боюнча. Сиздин оюңузча ИИМ кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук тартипти сактоодон дагы башка кандай реформалык аракеттерди көрүүгө тийиш? 

-Сен санап өткөндөй системада бир катар алгылыктуу иштер болуп жатат. Эң негизгиси жогоруда баса белгилегендей ошондой реформалар үзгүлтүксүз, тармактын жана өлкөнүн саясий жетекчилигиндеги өзгөрүүлөрдөн көз карандысыз ырааттуу жана системдүү жүрүп турушу маанилүү. Антпей  жетекчилер алмашкан сайын экстердин баштаган реформалары жокко чыгарылып,  жазылган жазылбаган эрежелер, принциптер өзгөрүп жаңылана берсе албетте андан система, андан ары коом жабыр тартат. Коом үчүн милиция, милиция үчүн коомдук сый-урмат керек экенин жеткизүү жаатында түшүндүрүү иштерин, окуучулар-студенттер арасында тынымсыз жүргүзүү керек го. Агартуучулук аракет боло берсе, коомдун да милициянын да маданияты оңолот эле.

-Карапайым инсан катары айта турган болсоңуз коомчулуктун милицияга карата ишеними кай көрсөткүчтө? Маселен, эмне үчүн кайсы бир жаран башына кыйын кырдаал тушукканда эң биринчи милицияга кайрылат? Мейли, ооруса да, мейли өрт чулгаса да, же диний багытта адашса да... 

-Карапайым инсан катары айтсам эл арасында милицияга карата оңда, терс да пикирлер бар. Айрым учурда милиция кызматкерлеринин адамкерчилик, кесиптик этикаларга жатпаган мамилелеринен улам көңүл калгандар болот. Ошондой айрым бир “не добросовестный” кызматкерлер үчүн жалпы системага көө жабылып калып жатканы өкүнүчтүү. Андай кызматкерлер дээрлик бардык кесип ээлеринде бар да туурабы?

Ырас, кандай болгон күндө да сен айткандай адам башына оорчулук түшкөндө милицияга кайрылат. Милицияга болгон коомдогу ишенимдин деңгээлин атайын социологиялык сурамжылоо б.а. илимий методдор менен аныктоого болот, антпей туруп милицияга ишеним тигиндей же мынча процент деп айтуу алабармандык үстүрт мамиле.  Төрт жыл мурун мен да буюртма менен сабалып, башыма иш түшүп милицияга кайрылгам, мени үйдөн алып чыгып шаар четине алпарып сабагандарды ким жалдаганын тергөөчүгө даана айтып берсем да, оң жыйынтык болгон эмес. Алты ай күттүм, үмүтүм деле үзүлүп калган. Кийин министрге журналист студентим: “Сыдыкбаев деген журналист-политологду алты ай мурун катуу сабап кеткен, жабырлануучу ким заказ бергенин айтып жатса да ишти ачышкан жок андан бери алты ай өттү” деп пресс-конференцияда суроо берсе министр өз көзөмөлүмө алам деп бир жумада ишти ачкан. Тергөөчү же  опер кызматкерлер кааласа тез эле ачат экен. Көрдүңүзбү, меникиндей  сурап алаар журналист таанышы жок  акыйкаттыкка, чындыкка жете албай жүргөн жабырлануучулар канча?  

Жөнөкөй бир жаран бирөөлөрдөн ыза-кордук көрүп милицияга кайрылса ал ишке опер же тергөөчү кош көңүл мамиле кылып  (айрым учурда адвокаттар да кылмышкер менен тергөөчүгө биригип кетишкен учурлар болот) күнөөлүү тараптын сөзүн сүйлөсө анда жабырлануучунун көңүлү “үч көчкөн журттай калат”.  

Тергөөчү менен оперге  эле эмес бүтүндөй системага,  керек болсо мамлекетке ишенимин жоготот.  

Демек милиция акчалуулардын, ооматтуулардын, колунда бийлиги барлардын көзүн карабай жөнөкөй граждандарга карата профессионалдык жактан өз функциясын так аткарса ошондо коомдон сый көрөт.

Кубаныч Зайнидинов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости