www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Короновирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу  жана  жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында 10-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталбаганы, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экени айтылды. 

Республикалык штаб коронавирус инфекциясын алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында жакынкы арада көп сандагы адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөй турууну катуу эскертет. 

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлигинин бардык профилактикалык чаралары жана сунуштары баарынан биринчи жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана саламаттыгын сактоого багытталганын белгилешти. 

Штабдын мүчөлөрү бардык жарандарды эстүүлүктү көрсөтүп, медицина кызматкерлеринин жана Республикалык штабдын сунуштарын, ошондой эле өздүк гигиена эрежелерин толук аткарууга жана балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.  

Медицина кызматкерлери, чек арачылар жана башка кызматтардын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алууда. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүп, байкоо салууда. 

Жыйындын катышуучуларына Бишкекке келген Diamond Princess саякат кемесиндеги Кыргыз Республикасынын жаранынан коронавируска анализ алынып, ал таза чыкканы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Стамбулдан дене табы көтөрүлүп келген кыргызстандыктан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан анализ алынган. Анда коронавирустун белгилери чыккан эмес.   Иш-аракеттердин алгоритмине ылайык, бул жарандар 14 күндүк карантинге алынат, анын 13чү күнүндө алардан кайра анализ алынат. 

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости