www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо болгон. Ал кезде эч кимге аты-жыты белгисиз подполковник Сыймык Жапыкеев кухняга далдоолонуп алып ушак айтып жүрчү. Элдин парламенттик шайлоого болгон нааразылыгын туйган Сыймык Жапыкеев баш болгон “куйтулар” култ этип жаткан жеринен шар чыга калышкан да, Ак үйгө чабуул коюшкан. Башаламандык башталаар менен Сыймык Жапыкеев Башкы прокурор болом деп эң кымбат машинага эгедер болуп, прокуратураны басып алгысы келген. Арийне, ал кыялы ишке ашкан эмес. Бирок подполковник Жапыкеев бир-эки айда генералдык наамды илип ала койду, “таппасаң сыйпалап кал”.

Сыймык Жапыкеев, Максат Мамыткановдор октябрь башаламандыгы болбосо «Чоң казат» кыймылы банкрот болмок. Чыр-чатакты эл көрдү, элге ал кыйын күндөрдү алып келди. Финполдун ордун алган Сыймык Жапыкеев жана вице-премьер болгон Мамыткановдор өз капчыгынын камын көрүп, «Чоң казатты» ошондо эле унутушкан. Сыймык Жапыкеев мамлекеттин өнүгүшүн эмес, өз капчыгынын өнүгүшүн каалап иштеди десе болот. Фактыларга келели:

Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» ишканасынан 250 миң доллар акча талап кылган Мелис Аспеков, УКМКда 250 миң доллардын 50 миң долларын Финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеевге бергенмин деп мойнуна алган.

Экинчиден, Сыймык Жапыкеев бийлик колума тийсе эле Кубанычбек Жумалиевге окшогон элдин мүлкүн жегендерди кустурам деген. Финпол 160 миң доллар бер деп жатат деп алар элге кайрылган. УКМК буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар алып кармалган адам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысынын жардамчысы экенин айтылган.

Үчүнчүдөн, Абылгазиевдин өкмөтү учурунда гуманитардык жардам уурдалган, акчалар ысырап болгон, кээ бир жетекчилер бизнес жүргүзүшсө, кээ бирлери белгилүү бир компаниялардын же адамдардын кызыкчылыктарын көздөгөн. Коронавирустан запкы жегендин себеби - каржылоонун начардыгы, кээ бир жетекчилердин алысты көрө билбегендиги, ач көздүгү болгон. Ошол эле премьер Абылгазиев коронавирус убагында он миллиарддаган пайда бере турган радио толкундарын 700 сомго баалап, казак ишкерлеринен 10 миллиард сом пара алганы айтылууда, буга Финпол Сыймык Жапыкеев тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Балким Абылгазиев кытылдатып койгондур. УКМК тарабынан кармалып, ичип-жегендеринин бети ачылууда. Абылгазиевдин өкмөтү учурунда коронавирус болуп көрбөгөндөй апогейине жетип, анын ордун алган Кубатбек Боронов ал абалды оңдоп келаткан. Арийне, Финпол тарабынан эч айыбы жок Бороновго беш саат сурак жүргөн.

Ковид илдетин жайылтууда өз салымын кошкон Руслан Казакбаевдин бир тууган келини ошол кездеги социалдык тармактарды жетектеген вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин Финполдон суудан кургак чыгып жатканы, Сыймык Жапыкеевдин капчыгын калыңдатканынан улам болуп жүрбөсүн?

Төртүнчүдөн, эл катары жөн-жай үйдө турчу Жапыкеев өзүнө окшогон акча десе акактаган адамдарды колдоду. Жөнөкөй эле мисал - пандемия убагында спецполиклиниканы жетектеген Гүлмира Баитова өзүнүн жакындарына мыйзамсыз айына 160 миң сомдон айлык чектеп, калгандардын баарын акчасыз, кезексиз отпускага айдап жиберген. Андан көрө тегиз эле барына бирдей акча берсе дурус болмок. Бул жерди текшерүүгө келген Сыймык Жапыкеевдин кызматкерлери, эч кандай кылмыш иши болбогондой жаап коюп, баса беришти. Гүлмира Баитова ким мага даап сөз айта алат деп манчыркап турган убагы. Атамбаевдин “үй-бүлөсү” менен жакындашкан соң 300 миң долларлык эң кооз турак-жайдын ээси болду, Жалга да хансарай салдырат.

Чагылгандай тездик менен Финполду ээлеп Сыймык Жапыкеев капчыгын кеңейтип, генерал наамын алаар менен, элдин башына күн түшүп жатканда ал элди да, бийликти да күйгүлтүккө салып кухнясын көздөй бет алган. Анан элди дүрбөтүш үчүн Кайрылуу жазымыш болуп жүрөт. Сыймык Жапыкеевге окшогон генералдын орду кухняда ушак айтуу эмес, согуш талаасында экенин түшүнөбү? Кеменин жүгү оордогондо келемиштер сайгактап кача баштайт. Сыймык Жапыкеевдин Ысык-Көл облусунун прокурорлук кызматынан кетиши анын байлык топтоо үчүн башаламандык уюштурганын билдирип койду. Эми ал сөзүн акташ үчүн “отко май тамызып” кайрадан элди дүрбөтүп жатат. Андай болсо полковник чинине жакында эле татыктуу болгон Сыймык Жапыкеев эмнеге генерал наамына ээ болду?

Октябрь башаламандыгы эске келгенде Жапыкевдин элеси, Жапыкеевди эстегенде октябрь башаламандыгы эске түшөт. Бекер жерден Текебаев анын кухнясын Лениндин чопкутталган техникасына салыштырган эмес. Финансы полициясы өз алдынча орган катары 2012-жылы негизделген. Сыймык Жапыкеев бул кызматты октябрь башаламандыгында Башпрокуратураны басып алгандан кийин дайындалган. Ал досунун кымбат баалуу машинасын минип барганы менен Башкы прокурор болгон жок, Финполицияны башкарып «өз көмөчүнө күл тартып туруп алган соң», кийин эсине келип, эмне себептен бул кызматка келгенин эстеп, Кубанычбек Жумалиевке асыла баштаган.

Бирок, УКМК ишке кирген соң гана иш жыла баштады окшойт. Жапыкеев кара пиарды жана элдин башын айлантканды жакшы көрүп, Текебаевдин мактоосуна татыктуу болгон кухнясын унутту. Адатта чиновник кызматтан алынаарда же камалаарда чыр-чатактуу көрүнүштөргө кириптер боло баштайт. Учурунда Финполдун башчысы катары Сыймык Жапыкеев өгөй баладай кодуланып, чын-жалганы аралаш маалыматтардын чабуулунда жүрдү. Иштегенден да актануусу арбып, оргу-баргы ашыкча көп сөз айтып, эки анжы маанай жаратып жүрчү.

Ошондуктан жаңы жыл алдында «Жанат» ресторанында президентке талапкерди коноктоп тайдын учасын тартканы белгилүү. Жогорку даражадагы жетекчи да ушундай кылабы? Сыягы, жаңы бийлик үчүн команда боло албасы байкалган. Жапыкеев көпкө узабай кызматтан алынды. Себеби, ал Финпол болуп турганда  баш-аяксыз убадаларды берип эле келе жатты. Блогер сымал улам-улам соцтармактан кайрылууларды жасап, кызматкердин этикасын сактаган жок.

Олигархтарды «кустуруп», миллиондорду төктүрөт имиш. Кыялында кыйратып эле жатат, «виртуалдык» дүйнөдөн түшпөй, капчыгын калыңдатып жатты. Ал эми жасаган ишин карай келсең, көңүл жылытаарлык эмес эле. Баягы эле эски системага эрмешип алып, айгайлаган эле бир пенде. Реалдуу иштердин өтөөсүнө чыга турган, реформа жасачу кадрдын аракети мындай болбош керек эле. Тайырбек Сарпашевге окшогондорду кармап кустурам дегени менен, буга окшогон далай иштер жым-жым болуп келатат. Анткени, ал «кусса» өзүнүн капчыгына «кускандыр».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости