www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда журналисттер «жок» болуп бара жатат…

Ооганстанда жаңы бийлик орногону массалык маалымат каражаттары да мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө тушуга баштады.

Өлкө журналисттеринин улуттук ассоциациясынын башчысы Масрур Лутфинин билдиргенине таянсак, Ооганстанда учурда ЖМКлардын 70 пайызы ишин токтоткон. Башкача айтканда, ооган журналисттеринин 70 пайызга жакыны жумушу жок калса, 30 пайыздан ашыгы азыр татаал, кысым кырдаалында иштеп жатат...

Ошентип, бул өлкөдө адамзаттагы эң башкы баалуулуктардын бирден-бири болуп саналган сөз эркиндиги катуу жана оор абалга кептелди дегендик.

Эске салсак, Ооганстандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында «Талибан»* кыймылы Ооганстандын аскер күчтөрүнө чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жарыяланган.

Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан оогандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Ооганстанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан толук чыгарып кетишкен.

Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Булак: NazarNews.kg

Последние новости