www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Ангела Меркель кансыз согуштун аягында Чыгыш менен Батыш Германиянын биригүүсүнүн 31 жылдыгына арналган Галле шаарында өткөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

Акыркы жолу Германиянын Биримдик күнүндө гала-иш-чарада сүйлөгөн Меркель, Германиянын биригүү иштери дагы деле аягына чыга электигин белгиледи.

Германиянын Чыгыш тарабында өсүп-чоңойгон Меркель «психологиялык жана структуралык жактан биригүү азырынча аягына чыга элек», - деди.

«1990-жылдын 3-октябры - тынчтыктын жана эркиндиктин урматында өлкөбүздүн биригүү күнү. Бул эркиндик бизге асмандан түшкөн жок. Ал багындырылды. Бүгүн бул майрамды белгилеп жаткан өлкө ушундай деңгээлге жетти, анткени ГДРде (Германия демократиялык республикасы) өз укуктары, эркиндиги үчүн, башка коом үчүн бардыгын тобокелге салган адамдар болгон», - деди Меркель.

«Демократия кээде Германияда жеңил болот», - деди ал. Канцлер ошондой эле учурдагы коомдогу радикалдуу маанайдын көрүнүштөрүн көрсөтүп, мекендештерин демократияны жек көргөндөрдөн коргоого чакырды.

«Жаңы адамдар менен таанышууга, башкаларды кызыктырууга, окуяларыңызды айтып берүүгө жана айырмачылыктарга сабырдуу болууга даяр болуңуз. Бул Германиянын 31 жылдык биримдигинен сабак», - деп кошумчалады ал.

16 жылдан бери бийликте турган Меркель жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин канцлер болуп кала берет, бирок жекшемби күнкү сөз анын акыркы сөздөрү болушу мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Германиянын Социал-демократиялык партиясы (SPD) 25,7% добушка ээ болуп, Бундестагга болгон шайлоодо жеңишке жеткен. Добуш берүүнүн аягында Германиянын канцлеринин кызматына негизги эки талапкер - Олаф Шольц менен Армин Лашет - жаңы Германия өкмөтүн түзүүгө даяр экендиктерин жарыялашты. Лашет CDU/CSU башында турган федералдык өкмөттү түзүү үчүн мүмкүн болгон нерсенин баарын жасай турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости