www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевге нааразы болгон жарандар Ак үйдүн жанына чогулушту. Жыйырма чакты адам депутаттын үй-бүлөсү карызын кайтарбай жатканын айтып, аны алдамчылык кылган деп айыптап жатат.

Чогулгандар бул маселе боюнча өлкө президентинен жардам сурады.

Ал эми депутаттын кабылдамасынан - митингдеги нааразычылыкка Самат Ибраевдин тиешеси жок экенин билдирди.

«Эгерде бул депутаттын уулунун иштери менен байланыштуу болсо, анда ал жасаган ишине өзү жооп берет. Ал эч кимден акча алган эмес. Далилдер жана факт жок болгондо кимдир бирөөнү каралап, кара пиар жасоонун кереги жок», - деди депутаттын жардамчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости