www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна 7,6 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жасады, деп маалымдайт Улуттук банк.

Улуттук банк бүтүм жасалган күндөн кийин эсептешүү менен 7,6 миллион доллар сатты.

1-октябрдагы интервенция акыркы мезгилде экинчи ирет болду. 27-сентябрда Улуттук банк 31,1 млн доллар саткан. Жалпысынан, 2021-жылы Улуттук банк валюта рыногуна сегиз жолу интервенция жасап, 311 миллион 150 миң доллар саткан. Валюта интервенциясы - өлкөнүн борбордук банкынын улуттук валютаны кармап турууга багытталган аракет. Анын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү валюта бир убакта же чектелген мезгилде сатылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости