www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төмөндө дагы бир маанилүү эреже бар. Эгер сенин кыялың орундалып, ишке ашуусун кааласаң, аны сөзсүз аткарышың керек.

“72 саат” эрежеси

Немис жазуучусу жана бизнес-тренер Бодо Шефер “72 саат” деп аталган эрежени аныктап берди. Анын мааниси мындай: эгер сенде кайдайдыр бир пландар же кыялдар пайда болсо, ошол убактан баштап 72 саат ичинде аны ишке ашырып башташың керек.

Балким бул кичинекей кадам болот, бирок сенин оюң боюнча ал сөзсүз кыялыңды ишке ашыруучу кадам болуш керек. Психологдор да, мистиктердин да “72 саат” эрежеси тууралуу өз көз караштары бар. Мистиктер айтат, эгер кыялыңды орундатуу үчүн аракет кылбасаң, аалам сенин кыялыңды орундалбас катары артка жылдырып коёт да, аны ишке ашырууга жардам бербейт.

Психологдор айтат, сенин көмүскө туюмуң, ишке ашырууга болгон аракетиңе карап пландарың менен кыялдарыңды экиге бөлөт: ишке ашчу жана ишке ашпоочу. 72 саат же 3 сутка – бул убакта сенин кыялың менен планың жаш жана анын орундалышын иш-аракетиң менен тастыкташың керек.

Эгер сенде көзүң жеткен кыял пайда болсо, аны калтырбай, 72 саат ичинде ишке ашыруу максатында жок дегенде кичине кадамдарды жасай башта. Алар сени ийгиликке жеткирет. Башкысы – каалоо, эмгек жана өжөрлүк!

Булак: Азия News гезити

Последние новости