www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда «Сомо» компаниясы жабылышы мүмкүн

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган «Сомо» компаниясынын бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жабуу тууралуу буйрук берди.

Мындай буйрук Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун тапшырмасынын негизинде болгонун аталган мекемеден билдиришет. Мунун алдында, 1-октябрда, Марипов менен финкөзөмөл кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев «Сомонун» ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйын өткөргөн.

Финкөзөмөл кызматы тараткан маалыматка караганда, күрөөкана иштетүү үчүн берилген лицензиялардын реестринде "Сомонун" каттоодон өткөн филиалы жок болуп чыккан. Бул мекеменин банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө бөлүмүнө компаниянын ишмердүүлүгүн пландан тышкары текшерүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин 15 мүнөттө насыя алууга азгырган, өзүн ломбард деп атаган «Сомо» компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн журналист Али Токтакуновдун «МедиаХабы» иликтеп чыккан.

Анда аталган компаниянын ээси латвиялык бизнесмен экени, Латвиянын өзүндө ишмердүүлүгү чектелгени тууралуу айтылган.

Иликтөөдө сурамжылоого катышкан жүздөн ашуун кишинин көбү «Сомодон» 10 миң сомдун тегерегинде насыя алып, кайтара албай калганын айтышкан. Компания карызды убагында төлөй албагандарга жиберген коркутуп-үркүтүүлөрү сүрөтү менен жарыяланды.

«МедиаХаб» иликтөөнүн жүрүшүндө «Сомонун» негиздөөчүлөрү Латвияда катталган Sun Finance Central Asia жана SIA P3 Capital (жаңы аты Capital KG) аттуу компаниялар экенин аныктаган. Бул эки компания тең латвиялык Айгарс Кесенфелдс аттуу адамга таандык болуп чыккан.

Эске салсак, быйыл февралда RE: Baltica иликтөө борбору Кесендфелдс тууралуу кенен материал жарыяланган. Анда дүйнөнүн 20га чукул өлкөсүндө Кесенфелдс жалгыз же өнөктөштөрү менен 150 компанияга ээлик кылаары айтылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости