www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бензиндин бир литри 3,7 сомго арзандашы мүмкүн

Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизди. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришет.

Бирикмеден кабарлашкандай, октябрь айында нефтинин баасы өсүүсүн токтотпойт. Бул Россиянын нефть иштетүүчү заводдорундагы баалардын кымбатташына алып келет.

«Мындан улам жергиликтүү нефтетрейдерлер чекене бааны көтөрүүгө аргасыз болот. Мурдагыдай эле бааны кармап туруу аракети ишкерликке көлөкөсүн түшүрүп, май куюучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуп салышы толук мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Ички рыноктогу бааларды кармап туруу үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы кыргыз өкмөтүнө октябрдан декабрь айына чейин салыкты өзгөртүп туруу механизмин колдонууну сунуштады. Тагыраагы, акциз салыгынын өлчөмүн убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеленүүдө.

«Бул аракеттер азыркы чекене бааны түшүрүүгө жардам берет. Мисалы, бензиндин бир литри 3,7 сомго, дизель майы 4,8 сомго арзандайт», — дейт ассоциациядан.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын эсептөөсүнө караганда, бул чаралар кабыл алынса, нефть иштетүү тармагы 2021-жылы пландык салыгын толугу менен жабат.

Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда абал КМШ жана дүйнөдөгү кырдаалга салыштырмалуу жакшыраак экени айтылат. Акыркы 15 жыл ичинде бир дагы жолу бензин тартыштыгы болгон эмес. Ошондой эле, баа ар дайым дүйнөдөгү орточо нарктан төмөн болуп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости